Мазмунун көрсөтүү

Орусияда рейд жүргүзүлгөн жерлер

2018-ЖЫЛ, 2-МАЙ
ОРУСИЯ

Орусияда Жахабанын Күбөлөрүн коркутуп-үркүтүү өнөктүгү башталды

Орусияда Жахабанын Күбөлөрүн коркутуп-үркүтүү өнөктүгү башталды

Орусияда, бери дегенде, жети шаарда полиция кызматкерлери Жахабанын Күбөлөрүнө каршы багытталган, опузалоо менен коштолгон рейддерди жүргүзүшкөн. Атайын уюштурулгандай көрүнгөн бул өнөктүк учурунда айрымдары бет кап кийген, куралчан ОМОНдор (полициянын өзгөчө отряды) Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүнө кирип барып, куралдары менен коркутуп, суракка алыш үчүн жаштарды да, карыларды да кармап кетишкен.

Акопян Аркадий аялы Соня жана эки небереси менен

Акыркы жылдын ичинде бийлик башындагылар, бери дегенде, 10 кылмыш ишин козгоп, Жахабанын Күбөсү болгон беш эркекти камап салышкан. Аларга 2017-жылдын 25-майынан бери тергөө камак жайында отурган Деннис Кристенсен да кирет. Учурда Жахабанын Күбөсү болгон 69 жаштагы Аркадий Акопяндын иши да Кабарда-Балкар Республикасынын биринчи баскычтагы сотунда каралып жатат. Бирге сыйынууга чогулганы үчүн эле алардын ар бири 2 жылдан 10 жылга чейин кесилиши мүмкүн.

2017-жылдын 20-апрелинде Орусия Федерациясынын Жогорку соту Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борбору жана 395 жергиликтүү юридикалык жагы жоюлсун деген чечим чыгарган. Сот учурунда Орусия өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык жактары жоюлса да, ар бир Жахабанын Күбөсү динин тута берсе болот деп билдирген. Анткен менен учурда өкмөттүн айткандары кылган иштерине карама-каршы келүүдө.

Орусиянын бийлик өкүлдөрү Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык жактарын жоюп, мүлкүн тартып ала баштады. Эми алардын өзүлөрүн коркутуп-үркүтүп, сыйынуусун токтотууга киришти. Азыр Орусияда жашаган 175 000ден ашуун Жахабанын Күбөсүнө динин тутканы үчүн кылмыш иши козголушу ыктымал.

Рейддер өткөрүлүп, сурактар жүргүзүлүп, айрымдар камалып жатышат

2018-жылдын январь айынан тартып Жахабанын Күбөлөрү укук коргоо органдарынын негизги бутасына айланды.

Иванов облусундагы Шуя шаары, 2018-жылдын 20-апрели: Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү 4 Жахабанын Күбөсүнүн үйүн тинтишкен. Алар Дмитрий Михайловду полиция участогуна алып барып камап салышкан, бирок бир нече убактан кийин бошотушкан. Бийлик өкүлдөрү Михайловго Кылмыш-жаза Кодексинин 282.2(2)-беренесинин негизинде, «экстремисттик уюмдун ишин жүргүзүп» жатат деген айып менен кылмыш ишин козгошкон. Учурда ага кошумча көрсөтмө берилгенче Шуядан сыртка чыгууга тыюу салынган.

Владивосток, 2018-жылдын 19-апрели: Полиция кызматы менен Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) Валентин Осадчуктун үйүнө рейд жасап, аны жана улгайган 3 аялды полиция участогуна алып барып, суракка алышкан. Осадчук бир тууганга да Кылмыш-жаза Кодексинин 282.2(2)-беренесинин негизинде айып коюлуп, тергөө камак жайына камалган. Бул айыптын негизинде Осадчук 2ден 4 жылга чейин кесилиши мүмкүн. 23-апрелде Фрунзе райондук соту Осадчук 2018-жылдын 20-июнуна чейин тергөө камак жайында отурсун деген чечим чыгарган. Азыр ал Владивостоктогу 1-тергөө камак жайында отурат.

Мурманск облусундагы Полярный шаары, 2018-жылдын 18-апрели: Түн ичинде полиция жана ОМОНдун бет кап кийген, куралчан кызматкерлери Роман Маркиндин үйүнө кирип келишкен. Алар ага курал такап, жерге жатууну буйруган. Анын өспүрүм кызы куралчан кишилерди көргөндө коркконунан башын кучактап, жерге жата калган. Полиция кызматкерлери үйдү тинткенден кийин Маркинди полиция участогуна алып барып, тергөө камак жайына отургузуп салышкан.

Ошол эле түнү полиция кызматкерлери Жахабанын Күбөсү болгон дагы 14 бир туугандын үйлөрүн тинтип, чөнтөк телефондорун, электрондук каражаттарын жана башка жеке буюмдарын тартып алышкан. Анан суракка алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрүн полиция участогуна алып барышкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Маркин Романга жана Трофимов Викторго каршы кылмыш ишин козгошкон. Экөөнө тең Кылмыш-жаза Кодексинин 282.2(1)-беренесинин негизинде, «экстремисттик уюмдун ишин уюштуруп» жатат деген айып тагылган. Эгерде сот аларды күнөөлүү деп тапса, 6дан 10 жылга чейин кесилиши мүмкүн. Учурда алар Мурмансктагы 1-тергөө камак жайында отурат.

Затон районундагы Уфа шаары, 2018-жылдын 10-апрели: Эртең менен саат алты жарымдан жетиге чейин тергөөчүлөр менен ОМОНдун кызматкерлери рейд жүргүзүп, бир нече Жахабанын Күбөсүнүн үйүн тинтишкен. Тинтүү иштери жүргүзүлүп жатканда үй ээлери суракка алынышкан. Бир кызматкер алардын бирине: «Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмунун мүчөсү эмесмин деп айтсаң, дароо бошотобуз»,— деген. Дагы бир кызматкер башка үй ээсине: «Силерди жок кылабыз»,— деп айткан. Анан Жахабанын Күбөлөрүнүн баарын манжа изин алуу жана суракка алуу үчүн полиция участогуна жеткиришкен.

Хафизовдордун үйүн тинтип жатышканда кызматкерлер жубайларга курал такап, жеке буюмдарын аңтара башташкан. Андан кийин полиция кызматкери Хафизованы колунан сүйрөгөн боюнча машинеге күч менен отургузуп, суракка алыш үчүн полиция участогуна алып кеткен. Хафизованын күйөөсү Жахабанын Күбөсү эмес.

Вилиткевич Анатолий жубайы Алёна менен (камакка алынганга чейин)

Полиция кызматкерлери Анатолий Вилиткевичтин үйүнө да рейд жүргүзүп, өзүн кармап кетишкен. Анан аялына: «Эми күйөөңдү көпкө көрбөйсүң!» —дешкен. Бийликтегилер Вилиткевичти Кылмыш-жаза Кодексинин 282.2(1)-беренесинин негизинде «экстремисттик уюмдун ишин уюштуруп» жатат деп айыптап, 2018-жылдын 2-июнуна чейин тергөө камак жайына отургузуп коюшкан. Эгер ал сот тарабынан күнөөлүү деп табылса, 10 жылга чейин кесилиши мүмкүн.

Орёл шаары, 2018-жылдын марты: Учурда кылмыш иши сотто каралып жактан Деннис Кристенсенден сырткары, бийликтегилер 2017-жылдын майында Орёл шаарындагы 7 үйдү тинтүүнүн негизинде Жахабанын Күбөсү болгон Сергей Скрынниковго карата экинчи кылмыш ишин козгошкон. Скрынниковго расмий түрдө күнөөлүү деп табыла элек. Анткен менен ага Кылмыш-жаза Кодексинин 282.2(2)-беренесинин негизинде, «экстремисттик уюмдун ишин жүргүзүп» жатат деген айып коюлууда. Эгер күнөөлүү деп табылса, 2 жылдан 4 жылга чейин кесилиши мүмкүн.

Белгород шаары, 2018-жылдын 7-февралы: Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган топтор Жахабанын Күбөлөрүнүн, бери дегенде, 10 үйүнө рейд жүргүзүшкөн. Алар үй ээлеринин айрымдарын жерге жаткырышса, башкаларын дубалды каратып тургузуп коюшкан. Полиция кызматкерлери үйлөрдү тинтип, электрондук каражаттарын, паспортторун, сүрөттөрүн, акчаларын тартып алышкан. Ошондой эле Жахабанын Күбөлөрүнүн баарын полиция участогуна алып барып, суракка алышкан. Анан Анатолий Шаляпин менен Сергей Войковдон башкаларын коё беришкен. Ал экөөнү 48 саат кармагандан кийин гана бошотушкан. Анткен менен аларга Белгороддон сыртка чыгууга тыюу салынган.

Кемерово шаары, 2018-жылдын 23-январы: Полиция кызматкерлери Жахабанын Күбөлөрүнүн 12 үйүн тинтип, бардык электрондук каражаттарын, диний адабияттарын жана көптөгөн документтерин тартып алышкан. Ошол рейд жүргүзүлгөнгө чейин Жахабанын Күбөсүмүн деп алдаган бир киши жыйналышка бир нече жолу келип, программаны жашыруун түрдө жаздырып жүрө берген. Анан аны полиция кызматкерлерине тапшырган. Ошол жаздыруулардын негизинде бийликтегилер тергөө иштерин башташкан.

Жогорку соттун чечими үй-бүлө мүчөлөрүн ажыратышы мүмкүн

Полиция жана ФККнын кызматкерлеринин акылга сыйбаган ушундай иштеринен сырткары, Орусиянын бийлик өкүлдөрү Жахабанын Күбөлөрүнүн балдарын «кайрадан коомго аралаштырыш» үчүн ата-энесинен тартылып алынып, өкмөткө өткөрүлсүн деген буйрук чыгарышкан. 2017-жылдын 14-ноябрында Орусия Федерациясынын Жогорку сотунун Пленуму чыгарган №44 Резолюциясында ата-энелер балдарын «экстремисттик» деп табылган диний уюмдун иштерине катыштырса, «соттун чечими менен ата-энелик укугунан ажыратылышы» мүмкүн деп айтылган.

2017-жылдын 23-ноябрында болсо Билим берүү жана илим министрлиги бүтүндөй өлкөнү «диний-экстремисттик... идеологияга» ууланган балдарды «кайрадан коомго аралаштырууга» үндөгөн «сунуштоо» жарыялаган. Министрлик эки гана топтун балдарын, атап айтканда, ИГИЛ деген диний уюмдун мүчөлөрүнүн жана Жахабанын Күбөлөрүнүн балдарын атап өткөн. Ал документте ата-энеси Жахабанын Күбөсү болгон «кичинекей жана өспүрүм курактагы балдар 10 миңдеп саналары» жазылган. Азырынча бир да Жахабанын Күбөсүнүн балдары тартылып алына элек.

Коркутуп-үркүтүү өнөктүгү качан токтойт?

Европа Кеңешине кирген өлкөлөрдүн бири да тынчтыкка умтулган диний азчылыктарды мынчалык катуу куугунтукка алган эмес. Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрү сыйынуу үчүн жана Ыйык Китепти окуп-изилдөө үчүн ачык чогула алышпайт. Камакка алынбаш үчүн жана кылмыш катары куугунтукталбаш үчүн алар, Совет доорундагыдай болуп, жашыруун сыйынууга аргасыз болууда.

Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү Орусиядагы ишенимдештери үчүн абдан тынчсызданууда. Анткени өкмөт тарабынан каржыланган бул өнөктүк бир туугандарынын эмоциялык абалына, рухийлигине жана ден соолугуна залакасын тийгизбей койбойт. Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык маселелер боюнча башкы кеңешчиси Филип Брамли мындай дейт: «Орусия өкмөтү ушу сыяктуу укук бузууларды токтотуп, адам укуктары менен дин эркиндигине байланыштуу эл аралык милдеттенмелерине карманышы керек. Азыр бийликтегилер бүт көңүлүн Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык жактарынан жеке адамдарга бурду. Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүн алдыда дагы эмнелер күтүп турат деп кооптонуп жатабыз?»