Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 7-АПРЕЛЬ
ОРУСИЯ

Орусиянын Жогорку Соту карап жаткан ишке байланыштуу сот отурумунун 3-күнүндө Жахабанын Күбөлөрү күбөлөндүрүү беришти

Орусиянын Жогорку Соту карап жаткан ишке байланыштуу сот отурумунун 3-күнүндө Жахабанын Күбөлөрү күбөлөндүрүү беришти

НЬЮ-ЙОРК. Орусиянын Жогорку Соту карап жаткан ишке байланыштуу сот отурумунун үчүнчү күнү бүтүп, тыныгуу жарыяланды. Сот отуруму 2017-жылдын 12-апрелинде, шаршемби күнү, Орусия убактысы боюнча саат 10:00дө уланат. Бүгүнкү сот отурумунда Сот күбө катары чакырылган төрт Жахабанын Күбөсүнүн айткандарын укту. Алар Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборун жоюуну жана ишине тыюу салууну көздөгөн Юстиция министрлигинин айткандарына каршы жүйөлүү далилдерди келтиришти.

Сот Юстиция министрлигине Жахабанын Күбөлөрү экстремисттер экенин жана алар тараткан адабияттар да экстремисттик экенин далилдеп бере алар-албасына байланыштуу көп суроо берди. Юстиция министрлиги эч бир далил келтире алган жок. Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборундагы төрагалык кылган комитеттин мүчөсү Василий Калин Сотко кайрылып: «Юстиция министрлигинин Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмун жабууну талап кылганы сиздерге тынчтык, бакыт тилеген адамдарга чоң зыян келтирерин баса белгилегим келет»,— деди.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000

Орусия: Ярослав Сивульский, тел:+7-911-087-8009