Мазмунун көрсөтүү

ОРУСИЯ

Орусия жөнүндө кыскача маалымат

Орусия жөнүндө кыскача маалымат

Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрү, Орусия Федерациясы 1992-жылы аларды расмий түрдө каттагандан кийин, эркин сыйынып калышкан. 1999-жылы «Абийир эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү мыйзамдын» негизинде кайрадан каттоодон өтүшкөн. Ошентип, өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн жүздөгөн жергиликтүү диний уюмдары катталып, ишин жүргүзө баштаган.

Бирок Жахабанын Күбөлөрүнүн дин тутуу эркиндигине коркунуч туудурган каршылыктар барган сайын күчөөдө. 2009-жылдан бери укук коргоо органдары «Экстремисттик иш-аракетке каршы туруу жөнүндөгү мыйзамды» туура эмес колдонуу менен бүт өлкөдө Жахабанын Күбөлөрүнө каршы өнөктүктөрдү уюштуруп келет. Орусиянын соттору Жахабанын Күбөлөрүнүн көптөгөн адабияттарын, jw.org расмий веб-сайтын экстремисттик деп жарыялаган чечимдерди чыгарды. Полиция жүздөгөн үйлөрдү, сыйынуу жайларын тинтишти. Айыптоочулар Жахабанын Күбөлөрүн жыйналыш жолугушууларына катышканы же өткөргөнү үчүн эле административдик жана жазык жоопкерчилигине тартууда.

Адам укуктары боюнча Европа сотунун каршы чечим чыгарганына жана эл аралык уюмдардын сынга алганына карабай, Орусиядагы бийлик өкүлдөрү Жахабанын Күбөлөрү кабылып жаткан кыйынчылыктарды жана басмырлоону жоюу үчүн эч кандай чара көрө элек. Укук коргоо кызматкерлери Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине чектөө коюу үчүн жумшаган аракетин күчөтүүдө.