Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 12-АПРЕЛЬ
ОРУСИЯ

Орусиянын Жогорку Соту карап жаткан ишке байланыштуу сот отурумунун 4-күнүндө келтирилген жүйөлүү далилдер

Орусиянын Жогорку Соту карап жаткан ишке байланыштуу сот отурумунун 4-күнүндө келтирилген жүйөлүү далилдер

НЬЮ-ЙОРК. Орусия Федерациясынын Жогорку Соту Юстиция министрлигинин Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборун жабууга байланыштуу доо арызын кароодо. Сот отурумунун 4-күнү бүттү. Сот залына жык-жыйма эл келди. Сот иш күнүнүн аягында тыныгуу жарыялады. Сот отуруму 2017-жылдын 19-апрелинде, шаршемби күнү, Орусия убактысы боюнча саат 10:00дө уланат.

Сот отурумунун башында Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборун коргогон жактоочулар Юстиция министрлиги койгон айыптын негизсиз экенин тастыктаган далилдерди келтиришти. Андан кийин Жахабанын Күбөлөрүнүн жактоочулары менен Юстиция министрлигинин жактоочулары күбөлөрдү суракка алышты. Жахабанын Күбөлөрүнүн жактоочулары келтирген далилдерди уккандан кийин Сот Юстиция министрлигине Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборун жабууга мыйзамдуу түрдө негиз бере турган айкын-так далилдерди келтирип бере алар-албасын сурады. Юстиция министрлигинин жактоочулары Соттун ушул жана ушуга байланыштуу башка суроолоруна жооп бере алышкан жок. Сот отуруму эки тараптан тең чакырылган күбөлөрдүн айткандарын угуу менен аяктады.

Кийинки жумада боло турган сот отурумунда бул материалдар карала баштайт деп күтүлүүдө.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000

Орусия: Ярослав Сивульский, тел: +7-911-087-8009