Мазмунун көрсөтүү

Делегацияны түзгөн бир туугандар (солдон оңго карай): Алберто Ривера (Испания), Питер Хамадей (Словакия), Андреас Гевла (Латвия), Чонг Хо (Корея), Ярослав Сивульский (Орусия), Иоганн Циммерманн (Австрия), Стефан Стейнер (Швейцария), Василий Калин (Орусия), Томми Кауко (Финляндия), Марк Сандерсон (Кошмо Штаттар), Роберт Делахайе (Нидерландия), Марк Хансен (Бельгия), Пол Гиллис (Улуу Британия), Ларс-Эрик Эриксон (Швеция), Томми Женсен (Дания), Йорген Педерсен (Норвегия), Манфред Стеффенсдорфер (Германия), Тиму Консти (Литва), Бабис Андреопулос (Греция), Тамбет Ернитс (Эстония), Жан-Клод Понс (Франция)

2017-ЖЫЛ, 21-ИЮЛЬ
ОРУСИЯ

Жогорку Соттун аппеляциялык сот отурумуна Орусиядагы бир туугандарын колдош үчүн дүйнө жүзүнөн келген ишенимдештери катышты

Жогорку Соттун аппеляциялык сот отурумуна Орусиядагы бир туугандарын колдош үчүн дүйнө жүзүнөн келген ишенимдештери катышты

НЬЮ-ЙОРК. Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши Орусиядагы бир туугандарга колдоо көрсөтүш үчүн Москвага үч континенттен чакырылган ишенимдештеринин барышына кам көрдү.

Алар Москвага келгенде, алдынан айрымдары тээ алыскы Сибирден келген орус бир туугандары кучак жайып тосуп чыгышты. Чет өлкөдөн келген бир туугандар Орусиядагы ишенимдештерине аларга чындап тынчсызданып жатышканын жана дүйнө жүзүндөгү бир туугандары алар үчүн жалындуу тиленип жатышканын айтышты. Ошол эл аралык делегациянын бир мүчөсү: «Диний иш-аракетине тыюу салган адилетсиз чечимдин өзгөртүлөрүнө көзү жетпесе да, Орусиядагы бир туугандарымдын кайраттуулугун көрүп, аябай таасирлендим»,— деген.

Үч соттон турган аппеляциялык палатанын бизге каршы чечим чыгарганына карабай, сот залындагы бир туугандардын арасында чыныгы сүйүү, биримдик өкүм сүрүп жатканы көрүнүп турду. Сот отурумуна катышкандардын Жахабанын ысымы эл алдында ушунчалык караланып жатканына бир чети кайгырса, бир чети Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн ишеними сынала турган убакыт келатканын түшүнүп жатканы сезилип турду. Анткен менен ал жердеги бир туугандардын сабырдуу болгону, бири-бирин бекемдеп, кубаттаганы аларга «экстремисттер» деп коюлган айыптын күчүндө калтырылганы таптакыр орунсуз экенин далилдеп жатты.

Эл аралык делегацияны Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Марк Сандерсон жетектеди. Ал бир туугандарды алдыдагы кыйынчылыктарда «кайраттуу, бекем болууга» үндөдү. Сот залынан чыккандан кийин жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү ар кайсы өлкөлөрдөн келген ал бир туугандарды кучактап, тарыхта кала турган ушул өзгөчө учурда аларды колдоп, бекемдегени үчүн ыраазычылыгын билдиришти.

Делегацияны түзгөн бир туугандар Москвадагы 21 элчиликти кыдырып, Жахабанын Күбөлөрү Орусияда куугунтукка алынып жатканы жөнүндө так маалымат беришти. Алсак, айрым Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүн өрттөп кетишкени, айрымдарын жумуштан чыгарып ийишкени, мектепте окуган балдардын кысымга алынышканы, жыйналыш жолугушууларын өткөргөнү үчүн айрым аксакалдарга, анын ичинде дагы эле убактылуу камоо жайында жаткан Деннис Кристенсенге кылмыш иши козголгону жөнүндө билдиришти. Ушулар жөнүндөгү 2 мүнөттүк тасма айрым элчилерди кош көңүл калтырган жок. Дээрлик баары: «Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрүн ушинтип жатышат?» — деген суроо берип жатышты. Бир туугандар жакшы күбөлөндүрүү берип, биздин уюмдун саясатка кийлигишпей тургандыгын жана биз жүргүзгөн кабар айтуу ишинин аркасында Орусиядагы көптөгөн адамдардын жашоосу жакшы жакка өзгөргөнүн айтып беришти. Ошондо бир элчи: «Православие чиркөөсүнө алардын балыктарын кармап жатканыңар жакпай жатат»,— деген. Ондон ашык элчиликтин өкүлдөрү 8 саатка созулган сот отурумуна катышты.

Чет өлкөдөн келген ал бир туугандар Орусиядагы бир туугандарынын берилгендигин сактоого болгон чечкиндүүлүгүн көрүп жана бийликтеги адамдарга эң сонун күбөлөндүрүү бере алышканына кубанып, ишеними бекемделген бойдон кетишти.

Байланышуу:

Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000