Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 30-МАЙ
ОРУСИЯ

Орусиянын Жогорку Соту 2017-жылдын 17-июлунда Жахабанын Күбөлөрүнүн доо арызын карайт

Орусиянын Жогорку Соту 2017-жылдын 17-июлунда Жахабанын Күбөлөрүнүн доо арызын карайт

Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрү алардын динине тыюу салган Жогорку Соттун чечимине макул эмес экенин билдирип, доо арыз менен кайрылышкан. 20-апрелде сот Юрий Иваненко бүтүндөй өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык жактарынын диний иштери токтотулсун деген чечим чыгарган. 2017-жылдын 17-июлунда Жогорку Соттун апелляциялык палатасынын үч соттон турган коллегиясы Жахабанын Күбөлөрүнүн доо арызын карайт.

Доо арыз менен кайрылган Жахабанын Күбөлөрү Соттун чечимин жокко чыгарууну суранышкан. Доо арызда Соттун чечими эч кандай далилдерге негизделбегени жана Жахабанын Күбөлөрү эч качан экстремисттик иштерди кылбаганы баса белгиленген. Ошондой эле Жогорку Сотто Жахабанын Күбөлөрүнө коюлган айып аларды куугунтуктаган Совет өкмөтүнүн койгон айыбына окшош экени да жазылган. Бирок кийин Жахабанын Күбөлөрү акталып, күнөөсүз деп табылышкан. Мындан сырткары, доо арызда Соттун чечими Орусиянын Конституциясы жана эл аралык келишимдер кепилдик берген дин тутуу эркиндигин бузгандыкка жатары айтылган.

Жогорку Соттун чечиминен кийин Жахабанын Күбөлөрү коммунисттик доордогудай куугунтуктала баштады. Айрымдарына «экстремисттер» деген айып менен кылмыш иши козголсо, кээ бирөөлөрү жумушунан чыгарылып жатат. Жахабанын Күбөлөрүнүн балдарын класстагы окуучулардын алдында коркутуп-үркүткөн мугалимдер да бар. Жаалданган кишилер Падышалык залдарын талкалап, атүгүл эки Жахабанын Күбөсүнүн үйүн күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып, өрттөп жиберишкен.

Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү Орусиянын Жогорку Сотунун апелляциялык палатасы адилетсиздик менен чыгарылган чечимди жокко чыгарып, Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн дин тутуу эркиндигин коргооруна жана коопсуздугуна кам көрөрүнө үмүттөнүүдө.