2017-ЖЫЛ, 18-ИЮЛЬ
ОРУСИЯ
Орусиянын Жогорку Соту Жахабанын Күбөлөрүнө байланыштуу мурунку чечимди күчүндө калтырды
2017-жылдын 17-июлунда Орусиянын Жогорку Соту Жахабанын Күбөлөрү кылмышкер деп табылган мурунку чечимди күчүндө калтырды. Мындай чечим эл аралык милдеттенмелерди ачыктан ачык тебелегендикке жатат. Бул чечимге ылайык, бүтүндөй Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн диний ишине тыюу салынды.
Жогорку Соттун апелляциялык палатасынын үч соттон турган сот коллегиясы Жахабанын Күбөлөрүнүн доо арызын канааттандыруудан баш тартып, 20-апрелде Юрий Иваненко чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Юрий Иваненко Юстиция министрлигинин пайдасына чечим чыгарып, министрликтин: «Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борбору жана анын курамына кирген жергиликтүү диний уюмдар жоюлсун, ошондой эле алардын бардык мүлкү Орусия Федерациясынын ээлигине өтсүн»,— деген өтүнүчүн орундаткан.
Бул чечим Орусиядагы 175 000ден ашуун Жахабанын Күбөсүнүн коопсуздугуна жана жыргалчылыгына чоң коркунуч туудурууда. Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы юристконсульту Филип Брамли мындай дейт: «Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү Орусиядагы ишенимдештерин ойлоп, абдан тынчсызданып жатышат. Апелляциялык палатанын чыгарган чечими Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнө буга чейин эле көрсөтүлүп келген туура эмес мамилени мыйзам чегиндеги көрүнүш катары көрсөткөн жана андан ары да аларга каршы кылмыш ишинин козголо беришине шарт түзгөн чечим болду. Орусиядагы ишенимдештерибиз өз мекенинде куугунтукталууда».
Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрү Адам укуктары боюнча Европа Сотуна жана БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине доо арыз менен кайрылууда. Учурда дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү Орусиядагы ишенимдештери, 1 Тиметей 2:2де айтылгандай, «Толук берилгендик менен, салабаттуулук менен, тынч, бейпил жашап», Кудайга сыйына алышы үчүн, Орусия өкмөтү жарандардын негизги укуктарын урматтап, чечимди кайра карап чыгышын тиленип жатышат.