2017-ЖЫЛ, 5-АПРЕЛЬ
ОРУСИЯ
Орусиянын Жогорку Соту Жахабанын Күбөлөрүнө каршы козголгон ишти кароого киришти
НЬЮ-ЙОРК. Бүгүн Орусия Федерациясынын Жогорку Соту Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборун жабууну сурап кайрылган Юстиция министрлигинин доо арызын кароого киришти. Сот тыныгуу жарыялап, сот отуруму 2017-жылдын 6-апрелинде, бейшемби күнү, Орусия убактысы боюнча саат 14:00дө уланарын билдирди.
Жахабанын Күбөлөрү 2017-жылдын 30-мартында Жогорку Сотко утурлама доо арыз менен кайрылган. Бирок бүгүн Сот тыныгуу жарыялаганга чейин утурлама доо арызды кароодон баш тартты. Сот ошондой эле Юстиция министрлигинин Жахабанын Күбөлөрүнө таккан айыптын негиздүү же негиздүү эмес экенин тастыктап бере ала турган адистердин күбөлөндүрүүсүн угуудан баш тартты. Андан сырткары, Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү диний уюмдарына каршы келтирилген далилдердин жасалма экенин тастыктап бере ала турган күбөлөргө да оюн айтууга уруксат берген жок.
Бул жаңылык эл аралык маалымат каражаттарында да айтылууда. Мисалы, 4-апрелде «Тайм» журналына «Орусиянын Жогорку Соту Жахабанын Күбөлөрүнүн сыйынуусун мыйзамсыз деп эсептөөдө» деген темадагы онлайн макала чыккан. 5-апрелде болсо «Нью-Йорк таймс» гезитин басма түрүндөгү чыгарылышынын биринчи бетине «Машаяктын тынчтыкка үндөгөн жолдоочуларына Орусия „экстремисттер“ деп жалаа жаап, ишине тыюу салганы жатат» деп аталган макала чыккан.
Жахабанын Күбөлөрүнүн Нью-Йорктогу бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгынын өкүлү Давид Симонян мындай дейт: «Орусиянын Жогорку Соту Орусиядагы ишенимдештерибиздин Кудайга эркиндикте сыйынуу укугун коргоп берерине үмүттөнөбүз. Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар бул сот ишинин жыйынтыгы кандай болоруна кызыгып, Орусия өкмөтү мыйзамга баш ийген жарандарынын — Жахабанын Күбөлөрүнүн — укугун коргойбу, жокпу деп тынчсызданууда».
Байланышуу:
Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000
Орусия: Ярослав Сивульский, тел: +7-812-702-2691