Мазмунун көрсөтүү

Жогорку Соттун соту Юрий Григорьевич Иваненко Жахабанын Күбөлөрүнө каршы чыгарылган чечимди жарыялап жатат

2017-ЖЫЛ, 21-АПРЕЛЬ
ОРУСИЯ

Жогорку Сот Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүн кылмышкерлердин катарына кошту

Жогорку Сот Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүн кылмышкерлердин катарына кошту

2017-жылдын 20-апрелинде Орусиянын Жогорку Соту, дүйнө жүзү каршы болгонуна карабай, Жахабанын Күбөлөрүн кылмышкерлердин катарына кошту. Жогорку Соттун соту Юрий Григорьевич Иваненко Юстиция министрлигинин пайдасына чечим чыгарып, «Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борбору жана анын курамына кирген жергиликтүү диний уюмдары жоюлсун, ошондой эле алардын бардык мүлкү Орусия Федерациясынын ээлигине өтсүн» деген өтүнүчүн орундатты.

Юрий Иваненко чечимдин дароо күчүнө кирерин жана Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн бардык юридикалык жактары жүргүзгөн ишке таасир этерин жарыялады. Жахабанын Күбөлөрү бул чечимге макул эместигин билдирип, Жогорку Соттун апелляциялык палатасына кайрылууда. Ошентсе да соттун чечимине ылайык, алардын ишине тыюу салынды.

Административдик борборду жактаган топ

Ата-энеси Жахабанын Күбөсү болгону үчүн Сибирге сүргүнгө айдалганда төрт жашта болгон Василий Калин мындай дейт: «Соттун чечими жарыяланган учурдан баштап Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн, жеке бир киши болобу, бүтүндөй үй-бүлө болобу, жашоосу толугу менен өзгөрдү. Диний иштер менен алектенгени үчүн эле алар кылмышкер катары куугунтукталып, түрмөлөргө камалышы мүмкүн».

Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык маселелер боюнча башкы кеңешчиси Филип Брамли мындай дейт: «Бүгүнкү чечим баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутту. Кагаз жүзүндөгү өтүнүчтөрүбүздү, келтирилген далилдерди калыс карап чыгуу менен Жахабанын Күбөлөрү эч качан экстремисттик иштер менен алектенген эмес деген жыйынтык чыгарса болот. Биз жогорку баскычтагы сотко кайрылып жатабыз».