Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 22-АВГУСТ
ОРУСИЯ

Камакка алынгандардын айрымдары үй камагына чыгарылды

Камакка алынгандардын айрымдары үй камагына чыгарылды

Үй камагына отургузулган эки бир тууганыбыз жактоочулары менен. Солдон оңго: жактоочу Виталий Свинцов, Владимир Кочнев, Александр Суворов жана жактоочу Егиазар Черников

2018-жылдын 3-августунда Орусиянын Оренбург шаарынын Ленинский райондук сотунун соту Инна Янгубаева 78 күн камакта отурган Владимир Кочнев менен Александр Суворов үй камагына чыгарылсын деген чечим чыгарды. Ошол эле күнү Магадан облустук сотунун чечими менен тергөө камак жайында 64 күн отурган Константин Петров үй камагына чыгарылды. Бул үч бир тууганыбыздын камактан чыкканына кубанып жатабыз. Бирок алардын үстүнөн козголгон иш дагы деле улантылууда, эгер алар күнөөлүү деп табылса, он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

2018-жылдын 16-августундагы маалыматка ылайык, Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн 25и камалып, 9у үй камагына чыгарылды. Башка 30 ишенимдешибиз жергиликтүү бийликтегилерден уруксат алмайын, эч жакка кетпөө жөнүндөгү кол катка кол коюшкан. Ушундай оор жагдайга кабылган Орусиядагы бир туугандарыбыз үчүн мындан ары да тилене берели (2 Корунттуктар 1:11).