Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 16-ФЕВРАЛЬ
ОРУСИЯ

Жакында Орёл шаардык сотунда Деннис Кристенсендин иши каралат

Жакында Орёл шаардык сотунда Деннис Кристенсендин иши каралат

2018-жылдын 19-февралында Деннис Кристенсендин иши боюнча алдын ала угуу башталат. Даниянын жараны жана Жахабанын Күбөсү болгон Кристенсен мырза 2017-жылдын май айынан бери Орусиянын Орёл шаарындагы тергөө камак жайында отурат.

2018-жылдын 31-январында Орёл облусунун прокурорунун орун басары сотко Кристенсен мырзага каршы 76 беттен турган айыптоо актысын өткөргөн. Прокурор аны, Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 282.2(1) беренесине ылайык, экстремисттик деп жарыяланган диний уюмдун иштерин жүргүзгөн деген айып койгон. Кылмыш деп эсептелген ушундай иш үчүн ал он жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн.

Кристенсен мырза эч кандай кылмыш кылган эмес. Аны жубайы жана башка ишенимдештери менен тынчтыкта өткөрүлүп жаткан диний жолугушууга катышканы үчүн камакка алышкан. Сот иши 2018-жылдын 19-февралында саат 14:30да Орёл шаарынын Железнодорожный райондук сотунда каралат.