Орусиядагы тарыхый окуялар
5-МАЙ, 2018. Санкт-Петербург шаардык соту өкмөткө Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборун тартып алууга жол берген чечимди күчүндө калтырган
17-ИЮЛЬ, 2017. Орусия Федерациясынын Жогорку Сотунун апелляциялык палатасы 20-апрелдеги чечимди күчүндө калтырган. Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн диний ишине тыюу салынган
20-АПРЕЛЬ, 2017. Орусия Федерациясынын Жогорку Соту Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүн кылмышкерлердин катарына кошкон
30-НОЯБРЬ, 2015. Таганрогдогу 16 Жахабанын Күбөсүнүн иши кайра каралып, баары ишеними үчүн кылмыш жазасына тартылган. Алардын төртөө шарттуу түрдө эркинен ажыратылган
2-ДЕКАБРЬ, 2014. Орусия Федерациясынын Жогорку соту jw.org сайтына тыюу салган
30-ИЮЛЬ, 2014. Таганрогдо соттолуп жаткан он алты Жахабанын Күбөсүнүн жетөө ишеними үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган
10-ИЮНЬ, 2010. Адам укуктары боюнча Европа соту Москвадагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жамаатына тыюу салуу адам укуктарын бузууга жатат деп жарыялаган
11-СЕНТЯБРЬ, 2009. Ростов облустук соту Жахабанын Күбөлөрүнүн 34 адабиятын экстремисттик деп тапкан
2009. Орусиянын укук коргоо органдары экстримисттик иштерге каршы күрөшүүгө байланыштуу федералдык мыйзамды туура эмес колдоно баштаган
26-МАРТ, 2004. Москвадагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жамаатына тыюу салынган
МАРТ, 1996. Жахабанын Күбөлөрү саясий репрессиянын айынан жапа чеккендер катары толугу менен акталышкан
11-ДЕКАБРЬ, 1992. Орусия Федерациясы Жахабанын Күбөлөрүн расмий түрдө каттаган
27-МАРТ, 1991. Советтер Союзу Жахабанын Күбөлөрүн расмий түрдө каттаган
ОКТЯБРЬ, 1965. Өкмөт тарабынан коюлган чектөөлөр азайтылып, каршылык басаңдаган
АПРЕЛЬ, 1951. Советтер Союзуна кирген алты республикадан 9 500дөй Жахабанын Күбөсү Сибирге сүргүнгө айдалган
1928. Жахабанын Күбөлөрү мыйзамдуу түрдө каттала алышкан эмес; куугунтук башталган
1891. Орусиядагы биринчи Жахабанын Күбөсү Сибирге сүргүнгө айдалган
1887. «Күзөт мунарасы» журналы Орусияга жөнөтүлгөнү тууралуу эң биринчи билдирүү келген