Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 23-НОЯБРЬ
ОРУСИЯ

Орусияда ишенимдештерибиз дагы деле камалып жатышат

Орусияда ишенимдештерибиз дагы деле камалып жатышат

2018-жылдын октябрь айында Орусиянын батышында полиция кызматкерлери Жахабанын Күбөлөрүнүн 30дан ашык үйүнө рейд жүргүзүшкөн. Алты ага-инибиз менен эки эже-карындашыбызды экстремисттик иш жүргүзүп жатат деген айып менен кармап кетип, тергөө камак жайына камашкан. Учурда адилетсиз түрдө түрмөгө отургузулган бир туугандарыбыздын саны 25ке, ал эми үй камагына алынгандардын саны 18ге жетти.

7-октябрь, Сычёвка, Смоленск облусу. Жергиликтүү полиция кызматкерлери жана бет капчан Аскердик атайын күчтөрүндө кызмат кылгандар төрт үйдү тинтип, эки бир тууганыбызды — 43 жаштагы Наталия Сорокина менен 41 жаштагы Мария Трошинаны — камакка алышкан. Ошондон эки күн өткөндөн кийин Ленин райондук соту алар 2018-жылдын 19-ноябрына чейин тергөө камак жайында болсун деген чечим чыгарган. Ал эми 2018-жылдын 16-ноябрында Ленин райондук соту алардын тергөө камак жайындагы мөөнөтүн үч айга, тактап айтканда, 2019-жылдын 19-февралына чейин узарткан.

9-октябрь, Киров, Киров облусу. Бери дегенде, 19 үйгө рейд жүргүзүлгөн. Жыйналыштын беш аксакалын кармап кетип, кийинчерээк тергөө камак жайына отургузушкан. Максим Халтурин, Владимир Коробейников, Андрей Суворков жана Евгений Суворков аттуу төрт ишенимдешибиз — Орусиянын жарандары. Ал эми Анджей Онищук — Польшанын жараны. Анджей Онищук — Кудайга ишенгени үчүн Орусиянын өкмөтү тарабынан адилетсиз түрдө камакка алынган даниялык Деннис Кристенсенден кийинки экинчи чет өлкөлүк бир тууган.

18-октябрь, Дюртюли, Башкыртстан Республикасы. Полиция ишенимдештерибиздин, бери дегенде, 11 үйүн тинтип, алардын акчаларын, банк карталарын, сүрөттөрүн, жеке каттарын, компьютерлерин, SIM карталарын жана чөнтөк телефондорун тартып алышкан. Аксакал болуп кызмат кылган Антон Лемешев камакка алынып, тергөө камак жайына 2 айга отургузулган. 31-октябрда Антон бир тууган түрмөдөн бошотулуп, үй камагына алынган. Ал азыркыга чейин үй камагында отурат.

Үйлөрүнүн кайра-кайра тинтилгенине, жеке буюмдары мыйзамсыз түрдө тартылып алынып жатканына карабай, бир туугандарыбыз түрмөдөгү ишенимдештери үчүн тынбай тиленип, мүмкүн болгон учурларда аларды жана алардын үй-бүлөлөрүн керектүү нерселер менен камсыз кылууда. Орусиядагы жагдай жакшырмайынча, бүткүл дүйнөлүк боордоштук ал жактагы ишенимдүүлүгүн сактап келаткан бир туугандары үчүн, айрымдарын атынан атап, Жахабадан жалындуу тилене бергенге чечкиндүү (Эфестиктер 6:18).