Мазмунун көрсөтүү

Санкт-Петербургддун Коломяжский көчөсүндөгү жыйындар залы

2017-ЖЫЛ, 25-ДЕКАБРЬ
ОРУСИЯ

Орусиянын бийлик өкүлдөрү Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйындар залын тартып алды

Орусиянын бийлик өкүлдөрү Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйындар залын тартып алды

2017-жылдын 14-декабрында Орусиянын бийлик өкүлдөрү Жахабанын Күбөлөрүнүн Санкт-Петербургддун Коломяжский көчөсүндө жайгашкан жыйындар залына кирип барышкан. Алар имаратты курчап, аны толук көзөмөлгө алышкан. Рейд учурунда имараттын ичиндеги Жахабанын Күбөлөрүнүн эч кимиси жаракат алган эмес жана имаратка да зыян келтирилген эмес.

Жашыруун камерага тартылып калган Орусия полиция кызматкерлеринин рейд жүргүзгөн учуру

Жахабанын Күбөлөрүнүн ал жыйындар залы — 2017-жылдын 17-июлунда Орусия Федерациясынын Жогорку Сотунун апелляциялык палатасы чыгарган чечимден кийин тартылып алынган имараттардын эң ириси. Жогорку Сот Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык жактарынын баары жоюлуп, иш жүргүзүшүнө тыюу салынсын жана имараттары тартылып алынсын деген чечим чыгарган.

Жыйындар залынын ичиндеги полиция кызматкерлери

1 500 орундугу бар ал жыйындар залы көп киши чогулган диний жолугушуулар үчүн колдонулчу жана 2002-жылы жергиликтүү жыйналыштагылар оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшкөн. Жахабанын Күбөлөрүнүн жактоочулары жыйындар залын бийлик өкүлдөрү Орусия Федерациясынын ээлиги деп каттатып койгонун аныкташкан. Имарат коңшу жайгашкан ден соолукту чыңдоо борборунун ээлигине өткөрүлүп, дарбазасына «ден соолукту чыңдоо борбору» деген жазуу илинип коюлган.

Жыйындар залы сот Жахабанын Күбөлөрүнүн Санкт-Петербургга жакын жердеги административдик борборунун мүлкү тартылып алынсын деген чечим чыгаргандан бир эле жума өткөндөн кийин тартылып алынган. Ал чечим Жахабанын Күбөлөрүнүн Орусиядагы административдик борбору менен Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомунун (Пенсильвания) 17 жыл мурун түзүлгөн жана күчүндө болгон келишимин жокко чыгарган. Эгерде апелляциялык сот бул чечимди күчүндө калтырса, Орусиянын бийлик өкүлдөрүнө өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрү колдонуп келген, чет өлкөгө таандык болгон башка да мүлктөрдү тартып алууга жол ачылат.

Жахабанын Күбөлөрү Орусия өкмөтүнүн мындай иш-аракеттери Орусиянын жарандарынын дин тутуу эркиндигин бузуп эле койбостон, аларга таандык мүлктү — жакыр турган жарандардын өз чөнтөгүнүн эсебинен сатып алып, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн мүлктү — тартып алганга чейин алып барган диний сабырсыздыктын күч алганын көрсөтүп турат деген көз карашта. Жахабанын Күбөлөрү өкмөттүн адилетсиз чечимдерине макул эместигин билдирип, сот тутумдарынын баарына, анын ичинде Адам укуктары боюнча Европа Сотуна доо арыз менен кайрылып, БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине нааразычылыгын билдирүүдө.