Мазмунун көрсөтүү

Москва облусунун Луцино айылындагы өрттөнүп кеткен үй Жахабанын Күбөсүнө таандык

2017-ЖЫЛ, 16-ИЮНЬ
ОРУСИЯ

Орусиянын Жогорку Соту чыгарган чечим Жахабанын Күбөлөрүнө залакасын тийгизүүдө

Орусиянын Жогорку Соту чыгарган чечим Жахабанын Күбөлөрүнө залакасын тийгизүүдө

Орусиянын Жогорку Сотунун 2017-жылдын 20-апрелинде чыгарган чечими бүт өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрүнө залакасын тийгизүүдө. Бийликтегилер Жахабанын Күбөлөрүнүн негизги укуктарын тебелеп, диний иштерин кылмыш катары эсептөөдө. Ал эми Орусиянын айрым жарандары Жогорку Соттун чечимин Жахабанын Күбөлөрүн басынтууга, атүгүл зыян келтирүүгө укук берген чечим катары көрүүдө.

Орусия өкмөтү адам укуктарын бузуп, тебелөөдө

Деннис Кристенсен

Жахабанын Күбөлөрүнө каршы козголгон кылмыш иштери

  • 25-майда полиция кызматкерлери Орёл шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн диний жолугушуусуна кирип барып, текшерүү иштерин жүргүзгөн. Алар Орёл жыйналышында аксакал болуп кызмат кылган Деннис Кристенсенди, Даниянын жаранын, камакка алышкан. Учурда айыптоочу Кристенсен мырзанын «экстремисстик иштерди» кылганын далилдөөгө аракет кылып жатат. Ал 23-июлга чейин, тергөө иши аяктаганга чейин, тергөө камак жайында отурат. Эгер күнөөлүү деп табылса, 6 жылдан 10 жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн.

Жергиликтүү диний уюмдарга берилген расмий эскертүү

  • 4-майда прокуратура Крымск шаарындагы жергиликтүү диний уюмга расмий эскертүү берген. Эскертүүдө жергиликтүү диний уюмдун төрагасы, мүчөлөрү диний иштер менен алектенсе, административдик жана криминалдык жазага тартылары жазылган.

  • Жогорку Соттун чечиминен кийин, бери дегенде, 5 жергиликтүү диний уюмга ушундай эскертүү берилген.

Диний жолугушуу учурунда жүргүзүлгөн текшерүү иштери

  • 22-апрелде Крым Республикасынын Жанкой шаарында жашаган Жахабанын Күбөлөрүнүн үйүндө өткөрүлгөн диний жолугушуу аягына чыгайын деп калганда полиция кызматкерлери кирип келген. Алар Жогорку Соттун чечимине ылайык, Жахабанын Күбөлөрүнүн диний жолугушуу өткөрүүгө укугу жок экенин айтышкан. Үйдү тинтип, ал жерге диний жолугушуу өткөрүүгө тыюу салышкан.

  • Жогорку Сот чыгарган чечимден кийин полиция кызматкерлери, бери дегенде, беш жолу Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушуусу өтүп жаткан жерге, анын ичинде жолугушуу өтүп жаткан бир үйгө кирип барып, жолугушууну токтоткон.

«Мен диний иштерин тынчтыкта жүргүзгөн Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнө каршы эч негизсиз эле кылмыш иштери козголуп жатканына тынчсызданып жатам... Орусия өкмөтүн, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) мүчөсү жана адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык мыйзамга кол койгон өлкө катары, Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмунун мүчөсү болгон ар бир адамдын дин тутуу эркиндигине, ой эркиндиги менен сөз эркиндигине жана тынчтыкта эркин чогулууга болгон укугун коргоого үндөйм» (Михаэль Георг Линк, ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бөлүмүнүн деректири).

Жахабанын Күбөлөрүнүн балдары мектептен куугунтукталууда

  • 24-апрелде Киров облусунун Безводное айылындагы бир мугалим апасы Жахабанын Күбөсү болгон эки окуучуну басынткан. Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн динине тыюу салынгандыктан, ал өзүнүн ушундай кылганын туура деп эсептээрин айткан.

  • 17-майда Москва облусундагы мектептин деректири классташына Кудай жөнүндө айткан 8 жаштагы окуучунун ата-энесине кат жүзүндө эскертүү берген. Ал документте, Жогорку Соттун чечимине ылайык, мектептин аймагында «билим берүү ишине байланышы жок иштерди кылууга» тыюу салынары жазылган. Ошондой эле мындай иш-чаралар тууралуу полиция кызматкерлерине билдирилери жана «окуучу билим алуунун башка түрүнө которулары айтылган».

Жахабанын Күбөлөрү альтернативалык жарандык кызматты өтөө укугунан ажыратылууда

  • 28-апрелде Чебоксары менен Марпосадский районунун аскер комиссариаты Жахабанын Күбөсүнүн альтернативалык кызматты өтөөгө байланыштуу арызын кабыл алуудан баш тарткан. Комиссариат: «Жахабанын Күбөлөрү — „экстремисттер“. Ошондуктан аларга альтернативалык кызматты өтөөгө уруксат берилбейт»,— деген.

  • Бери дегенде, дагы эки Жахабанын Күбөсүнүн альтернативалык жарандык кызматты өтөөгө байланыштуу арызы кабыл алынган эмес.

Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы юристконсульту Филип Брамли өкмөттүн бири-бирине каршы келген иш-аракети тууралуу мындай деген: «Өкмөт Жахабанын Күбөсү болгон жаш уландарды „экстремисттер“ деп айыптап, альтернативалык жарандык кызматты өтөөгө уруксат бербей жатат. Бирок ошол эле учурда „экстремисттер“ деп аталган ал уландардан аскердик кызмат өтөөнү талап кылууда. Өкмөттүн „экстремисстер “ деп айыпталгандардын аскер кызматын өтөшүнө жол бериши акылга сыярлыкпы?»

Коомдун басмырлашы, кодулашы

Жахабанын Күбөлөрүнө кол салынган учурлар

  • 30-апрелде Москва районундагы Луцино айылында жашаган Жахабанын Күбөсү болгон бир үй-бүлөнүн үйүн өрттөп жиберишкен. Ага жакын салынган карып калган ата-энесинин үйү да кошо күйүп кеткен. Өрт койгон киши адегенде алардын динин жек көрөрүн айткан, анан үйдү өрттөп жиберген.

  • 24-майда Коми Республикасындагы Жешарт шаарында Жахабанын Күбөлөрү сыйынуу үчүн чогулган үй өрттөлгөн. Үй жараксыз болуп калган.

    Жешарт шаарындагы өрттөнгөн Падышалык залы

  • Жогорку Соттун 2017-жылдын 20-апрелинде чыгарган чечиминен кийин сыйынуу үчүн колдонулган, бери дегенде, тогуз үй талкаланган.

  • 26-апрелде Белгороддо жашаган бир Жахабанын Күбөсү үйүнөн чыгып баратканда, бир киши ага кыйкырып, Жахабанын Күбөлөрүнүн уюму жабылганын айтып, сабап салган.

  • 11-майда Тюмень шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушуусу өтүп жаткан жерге топ киши кирип келип, отургандарга басынткан, кордогон сөздөрдү айтып, коркутуп-үркүткөн.

Жахабанын Күбөлөрү жумуштан чыгарылууда

  • 15-майда Смоленск облусунун Дорогобуж шаарындагы химиялык заводдун жетекчиси ал жерде иштеген Жахабанын Күбөлөрүнүн баарын жумуштан чыгарып салган. Жетекчи Федералдык коопсуздук кызматы «экстремисттер» заводдо иштебеши керек, андыктан заводдогу Жахабанын Күбөлөрүнүн баары жумуштан чыгарылсын деген буйрук бергени үчүн ушундай кылганын айткан.

  • Жогорку Соттун чечиминен кийин дагы башка үч жерде Жахабанын Күбөлөрүн: «Силер „экстремисттик“ уюмдун мүчөсүсүңөр, ошону үчүн жумуштан чыгарыласыңар»,— деп коркуткан учурлар болгон. Кемерово облусундагы Яшкино шаарчасында полиция кызматкерлери бир Жахабанын Күбөсүнө (аял) кысым көрсөтүп, ишенимдештери тууралуу маалымат берүүнү талап кылган. Бирок ал маалымат берүүдөн баш тарткан. Полиция кызматкерлери Жахабанын Күбөлөрүн ИГИЛ деп белгилүү болгон террористтик уюмга теңеп, тыюу салынган диндин мүчөсү болуу мыйзамды бузгандыкка жатарын айтышкан.

Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрү үчүн көптөр тынчсызданууда

Жогорку Соттун чечими чыкканга чейин, акыркы он жыл бою, Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн дин тутуу эркиндиги чектелип, өкмөттүн демилгеси менен куугунтукка алынып келишкен. Чечим чыгарылгандан кийин алардын коопсуздугуна ого бетер коркунуч туулуп жатат. Акыркы убакта болгон окуялардан көрүнүп тургандай, ал чечимдин кесепетинде Жахабанын Күбөлөрү караланып, айрым кишилерден жана бийлик өкүлдөрүнөн жапа чегүүдө. Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү 2017-жылдын 17-июлунда Жогорку Соттун апелляциялык палатасы мурунку чыгарылган чечимди күчүндө калтырса, Орусиядагы ишенимдештери кыйынчылыкка дуушар болорун ойлоп тынчсызданууда.

Брамли мырза мындай дейт: «Жахабанын Күбөлөрүнүн экстремизм менен кандайдыр бир байланышы бар экенин эч ким далилдеп бере алган жок. Жахабанын Күбөлөрү коомго зыян алып келет деген жалган айып менен алардын коом тарабынан куугунтукталып жатканы бири-бирине карама-каршы келет. Орусия Конституция жана эл аралык келишимдер кепилдик берген дин тутуу эркиндигин эске алып, Жахабанын Күбөлөрүнө каршы жасап жаткан иштери жөнүндө ойлонуп көрүшү керек».