Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 17-АПРЕЛЬ
ОРУСИЯ

Сотто Орусия өкмөтүнүн Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборун тартып алышына каршы экенин билдирген доо арыз каралат

Сотто Орусия өкмөтүнүн Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборун тартып алышына каршы экенин билдирген доо арыз каралат

2018-жылдын 3-майында Санкт-Петербург шаардык соту Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн мурунку административдик борбору тартылып алынсын деген чечимге каршы экенин билдирген доо арызын карайт. Эгер Жахабанын Күбөлөрү бул сот ишинен утулуп калса, чечим дароо күчүнө кирип, өкмөт алардын мүлкүн тартып алат.

Мурунураак Сестрорецк райондук соту Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборунун Кошмо Штаттарда жайгашкан коммерциялык максатты көздөбөгөн Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомунун (Пенсильвания) ээлигине өткөнүн тастыктаган далилдерге көз жумду мамиле кылып койгон. Административдик борбордун мүлкү Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомунун менчигине 17 жыл мурун өткөн жана ошондон бери ал коом бардык салыктарды төлөп келген. Бирок 2017-жылдын 7-декабрында райондук сот мүлктүн Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомунун менчик укугун далилдеген келишимди жараксыз деп жарыялаган. Жахабанын Күбөлөрү бул сот ишинен утулуп калса жана Орусиядагы сот системасынын баарына кайрылып, бирок эч кандай натыйжа болбосо, алар бул адилетсиздикти чечип беришин өтүнүп Адам укуктары боюнча Европа Сотуна кайрылат.

Бул иш боюнча сот отуруму Бассейная 6да жайгашкан Санкт-Петербург шаардык сотунда 2018-жылдын 3-майында саат 11:30да башталат.