Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 23-МАЙ
ОРУСИЯ

Жахабанын Күбөлөрүн куугунтуктаганы үчүн Орусия өкмөтү эл аралык сынга алынды

Жахабанын Күбөлөрүн куугунтуктаганы үчүн Орусия өкмөтү эл аралык сынга алынды

Европа Бирлиги жана Кошмо Штаттар Орусия өкмөтүнүн Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнө адилетсиз мамиле кылганын сындаган өз-өзүнчө билдирүү жасашты. Алар Орусия өкмөтүнүн өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык жактарынын жоюлушу ошол динди туткандардын эркиндигине эч кандай таасир этпейт деп ырастаганы жалган экенин ачык айтып ашкереледи. Европа Бирлиги билдиргендей, «[Орусия өкмөтүнүн] айткандары менен кылгандары эки башка болууда». Кошмо Штаттар Орусиянын Жахабанын Күбөлөрүнө байланыштуу айткандары менен кылгандарын салыштырып, «сөзү менен иши карама-каршы болуп жатат» деген жыйынтык чыгарды.

Орусия өкмөтү 8 Жахабанын Күбөсүн камакка алган жана учурда 11 шаарда козголгон 12 кылмыш иши боюнча тергөө жүрүүдө. Тартылып алынган имараттардын саны өсүп жатканы кабатыр кылса да, дини үчүн куугунтукталган Жахабанын Күбөлөрүнүн кыйналып жатканы өзгөчө тынчсыздандырууда.

Европа Бирлиги менен Кошмо Штаттар Орусия өкмөтүн, алган милдеттенмесине ылайык, ой, абийир жана дин тутуу эркиндигин сыйлоого үндөдү.

Билдирүүлөрдүн шилтемеси:

https://www.osce.org/permanent-council/381820

https://www.osce.org/permanent-council/381823