Мазмунун көрсөтүү

Деннис Кристенсен (2017-жылы өткөрүлгөн сот отурумунда)

2018-ЖЫЛ, 10-МАЙ
ОРУСИЯ

Орёл шаарында Деннис Кристенсендин ишине байланыштуу күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн угуу боюнча сот отуруму башталды

Орёл шаарында Деннис Кристенсендин ишине байланыштуу күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн угуу боюнча сот отуруму башталды

2018-жылдын 23-апрелинде Орёл шаарындагы Железнодорожный райондук сотунда Деннис Кристенсенге козголгон кылмыш ишин кароо боюнча сот отуруму улантылды. Жахабанын Күбөсү жана Даниянын жараны болгон Кристенсенди 2017-жылдын май айында жолугушуу өтүп жаткан маалда кармап кетишкен. Ал ошондон бери тергөө камак жайында отурат.

Айыптоочу Фомин Кристенсенди «экстремисттик уюмдун», тактап айтканда, 2016-жылдын июнь айында адилетсиз түрдө экстремисттик деп жарыяланган Орёл шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү диний уюмунун «ишин уюштурган» деп айыптаган. Орёл шаарындагы Жахабанын Күбөлөрү юридикалык жак эмес, Ыйык Китепти изилдөө үчүн чогулган жана тынчтыкты сүйгөн, динчил адамдардын тобу болгондуктан, Деннис Кристенсендин жактоочулары ага коюлган айыпка каршы экенин билдиришкен. Жактоочулар, Орусия бийлик өкүлдөрүнүн айтканына ылайык, Жахабанын Күбөлөрүнүн динине тыюу салынбаганын жана Орусия Федерациясынын Конституциясы дин тутуу эркиндигине кепилдик берерин a баса белгилешкен. Ошо себептен диний иштерге катышуу менен Деннис Кристенсен тек гана өз динин тутуп жатканын көрсөткөн.

Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн угуу боюнча сот отуруму 2018-жылдын 24-апрелинде башталды. Айыптоочу көрсөтмө берүүгө алгач Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерин чакырды. Ал кызматкер 2017-жылдан бери Орёл шаарындагы Падышалык залына байкоо салып, камерага тартып жүргөнүн айтты. Бирок видеодо Кристенсендин имаратка кирип бараткандарды жылуу тосуп алгандан башка эч нерсе жок болгондуктан, залдын ичинде эмне болгонун айтып бере албай турганын билдирди. Андан кийин айыптоочу Орёл шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушууларына барып жүргөн жергиликтүү бир аялды күбө катары чакырды. Бирок ал аял жолугушууларга Орёл шаарындагы жергиликтүү диний уюм жоюлганга чейин барып жүргөндүктөн, Кристенсендин кандай иштерди жүргүзгөнү тууралуу эч нерсе айтып бере алган жок.

Ирина Кристенсен

Кийинки күнү айыптоочу Жахабанын Күбөсү болгон 78 жаштагы аялды көрсөтмө берүүгө чакырды. Айыптоочу Деннис Кристенсендин күнөөлүү экенин тастыктаган «далил» табыш үчүн ал аялды 2 жарым сааттай суракка алды. Ал аял Жахабанын Күбөлөрүнүн арасында деректирлер, башчылар жок экенин жана жолугушууларында Орусияда тыюу салынган диний адабияттарды такыр колдонушпай турганын айтты.

Сот отуруму 2018-жылдын 14-майында улантылып, ошол айда бир нече күн өткөрүлөт. Эгер Кристенсен күнөөлүү деп табылса, 6—10 жылга чейин түрмөгө кесилет. Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү Деннис Кристенсендин кесилип кетиши мүмкүн экенин жана Деннистин, анын жубайы Иринанын саламаттыгын ойлоп тынчсызданууда.

a Жогорку сот Орёл шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү диний уюму жоюлсун деген чечимди колдоп, ошол эле учурда мындай деп билдирген: «Ушу сыяктуу диний уюмдардын мүчөлөрүнө экстремисттик мазмунда болбогон адабияттарды таратууга байланышы жок диний иштер менен өз алдынча алектенүүгө тыюу салынбагандыктан, алардын өзү каалаган динин тутууга болгон укугу бузулбайт».