Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 29-МАЙ
ОРУСИЯ

Орусиянын полиция кызматкерлери Орёлдогу диний жолугушууга кирип келип, Даниянын жаранын кармап кетишкен

Орусиянын полиция кызматкерлери Орёлдогу диний жолугушууга кирип келип, Даниянын жаранын кармап кетишкен

2017-жылдын 25-майында куралданган полиция кызматкерлери жана Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлери Орёл шаарындагы (Орусия) Жахабанын Күбөлөрүнүн диний жолугушуусуна кирип келип, аны токтотушкан. Бийликтегилер Жахабанын Күбөлөрүнө «экстремисттик» уюмдун иштерин улантып жатышат деген айып коюп, кылмыш ишин козгоорун билдиришкен. Орусия өкмөтү 2016-жылдын 14-июнунда Орёл шаарындагы жергиликтүү диний уюмду «экстремисттик» уюм деген айып менен жойгон. Жолугушууга кирип келген полиция кызматкерлери ал жерге чогулгандардын документтеринин көчүрмөсүн алып, электрондук каражаттарын тартып алышкан. Кийинчерээк Орёл шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүн тинтишкен.

Ошондой эле Орёл жыйналышындагы эркектерди Федералдык коопсуздук кызматынын абагына алып барышкан. Даниянын жараны, жыйналыштын аксакалы Деннис Кристенсен дагы эле камак жайда отурат. Айыптоочу Советтик райондук соттун Федералдык коопсуздук кызматы жетиштүү далил топтоп, Жахабанын Күбөлөрү ишин улантып жатканын далилдегенге чейин Кристенсен мырза тергөө камак жайында отурсун деген өтүнүчүн дароо канааттандырган. Сот Светлана Наумова ал арызды карап, Кристенсен мырза тергөө камак жайында эки ай отурсун деген чечим чыгарган. Бүгүн бул чечимге макул эместигибизди билдирип доо арыз менен кайрылабыз. Эгер Кристенсен мырза күнөөлүү деп табылса, Кылмыш-жаза кодексинин 282(2)-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, алтыдан он жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн.

Жахабанын Күбөлөрүнүн Орёл шаарындагы жыйналышы жөн гана диний жолугушуу өткөрүп жаткан. Айта кетчү нерсе, ал жыйналыш юридикалык жак эмес. Орусия өкмөтүнүн бул ишинен алардын жергиликтүү диний уюмдарын жоюуга эле эмес, Жахабанын Күбөлөрүнүн динине тыюу салууга кызыкдар экени көрүнүп турат. Бул Таганрогдогу Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине окшош. Ал жакта бийликтегилер адегенде жергиликтүү диний уюмду жоюп, кийинчерээк жыйналыштын тек гана диний жолугушууга келген 16 мүчөсүнө каршы кылмыш ишин козгошкон. 2015-жылдын ноябрында 16 Жахабанын Күбөсү тең күнөөлүү деп табылган, бирок аларды түрмөгө камоого, айып пул төлөтүүгө байланыштуу чечим дароо ишке ашкан эмес. Учурда бул иш Адам укуктары боюнча Европа Сотунда каралып жатат.