Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 8-ИЮНЬ
ОРУСИЯ

Президент Владимир Путин жакшы ата-эне болгон Жахабанын Күбөлөрүнө сыйлык ыйгарды

Президент Владимир Путин жакшы ата-эне болгон Жахабанын Күбөлөрүнө сыйлык ыйгарды

НЬЮ-ЙОРК. 2017-жылдын 31-майында Орусиянын президенти Владимир Путин Москва шаарындагы Кремлде өткөн аземде 8 баланы чоңойтуп жаткан Валерий менен Татяна Новиктерге «Ата-эненин даңкы» сыйлыгын ыйгарды. Карелияда жашаган Валерий менен Татяна Новиктер — Жахабанын Күбөсү.

Сыйлык ыйгаруу аземи Эл аралык балдар күнүнө бир күн калганда Кремлде өткөн.

«Ата-эненин даңкы» сыйлыгы президенттин буйругу менен 2008-жылдын май айында негизделген. Орусия өкмөтү бул сыйлыкты кеминде 7 баласы бар жана балдарынын ден соолугуна, психикалык саламаттыгына, билим алышына, адеп-ахлактуу болушуна кам көргөн ата-энелерге берет. Мындай сыйлык алган үй-бүлө коомдун бекем болушуна салым кошкон үлгүлүү үй-бүлө деп эсептелет.

Президент Владимир Путинден «Ата-эненин даңкы» сыйлыгын алып жаткан Валерий Новик.

Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгынын өкүлү Давид Симонян мындай дейт: «Биз бул сыйлыкты Жахабанын Күбөлөрүнүн дүйнө жүзү боюнча жүргүзүп жаткан Ыйык Китепке негизделген акысыз билим берүү ишинин Орусиядагы эле эмес, бүт дүйнө жүзүндөгү ата-энелерге жана балдарга коомго пайда алып келген инсандардан болууга жардам берип жатканынын далили деп эсептейбиз. Орусиянын Жогорку Соту Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборунун жоюлганына байланыштуу чечимди 2017-жылдын 17-июлунда кайра карап жатканда Орусиянын президенти Владимир Путин өзү ыйгарган бул сыйлык да эске алынат деп үмүттөнөбүз».

Байланышуу:

Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000