Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 11-ДЕКАБРЬ
ОРУСИЯ

Орусия соту Ыйык Китептин «экстремисттик» адабият деп табылганына каршы болгондордун доо арызын кароодо

Орусия соту Ыйык Китептин «экстремисттик» адабият деп табылганына каршы болгондордун доо арызын кароодо

2017-жылдын 6-декабрында Ленинград облустук соту Жахабанын Күбөлөрүнүн төмөнкү баскычтагы соттун Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» орус тилиндеги басылышына тыюу салганына каршы экенин билдирген доо арызын карады.

Сот отурумунун башында Жахабанын Күбөлөрүнүн жактоочулары Выборг шаардык сотунун бир эле «экспертизанын» негизинде чыгарган чечимине каршы экенине байланыштуу аргументтерди келтирди. Выборг шаардык соту экспертизанын Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосун» экстремисттик адабият деп тапканын далилдей турган цитаталардын бирин да мисал кылган жок. Сот эксперттердин «Жаңы дүйнө котормосунда» Кудайдын ысымы Жахаба деп берилгендиктен ал «экстремисттик» адабияттардын катарына кирет деп чыгарган корутундусуна басым жасады. Жактоочулар Кудайдын ысмы Орусиянын маданий тарыхына зор таасир эткенин жана Ыйык Китептин башка көптөгөн котормолорунда кездешерин соттун эсине салышты. Ошондой эле алар эксперттердин «Жаңы дүйнө котормосунда» Ыйык Китеп деген жазуу жок болгондуктан, ал Ыйык Китеп болуп саналбайт деген жалган билдирүүсүнө соттун көңүлүн бурушту. Жактоочулар бул билдирүүнүн туура эмес экенине далил катары, «Жаңы дүйнө котормосунун» 2007-жылкы басылышынын кириш сөзүндөгү: «Жаңы дүйнө котормосу Ыйык Китептин орус тилиндеги котормосу»,— деп жазылгандарды мисал келтиришти.

Ленинград облустук соту эксперттердин тобун чакырып, кайчылаш сурак жүргүзүш үчүн сот отурумун кийинкиге жылдырды. Эмки сот отуруму 2017-жылдын 20-декабрында жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:30да башталат.