Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 27-ДЕКАБРЬ
ОРУСИЯ

Орусиянын соту 70 жаштагы Аркадя Акопянга каршы чечим чыгарды

Орусиянын соту 70 жаштагы Аркадя Акопянга каршы чечим чыгарды

Орусиянын Прохладный райондук сотунун судьясы Олег Головашко 27-декабрда, бейшемби күнү, ишенимдешибиз Аркадя Акопянга каршы чечим чыгарды. Судья 70 жаштагы жана ардактуу эс алуудагы тикмечи Аркадя Акопянды, калыбы, Жахабанын Күбөсү эместерге экстремисттик адабияттарды таратууга үгүттөгөн деп айыптап, 120 саат коомдук иштерди кылсын деген чечим чыгарды.

Аркадя Акопян бир тууган түрмөгө кесилбесе да, мындай чечим адам укуктарынын одоно түрдө бузулуп жатканын тастыктап турат. Ошо себептен Аркадя Акопян жогорку баскычтагы сотко кайрылат.

Келерки жумаларда Деннис Кристенсендин ишине байланыштуу сот отуруму болот. Биз Орусиядагы ишеними үчүн түрмөдө отурган бир туугандарды мындан ары да колдоп-жубата беришин сурап Жахаба Кудайдан тиленип турабыз (2 Тесалоникалыктар 2:16, 17).