Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 16-ЯНВАРЬ
ОРУСИЯ

Сот Жахабанын Күбөлөрүнүн өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты

Сот Жахабанын Күбөлөрүнүн өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты

2017-жылдын 16-январында Москва шаардык соту дат арыз менен кайрылган Жахабанын Күбөлөрүнүн өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Дат арызда Башкы прокуратуранын Орусиядагы филиалга берген эскертүүсү мыйзамга каршы келери жазылган. Үч кишиден турган сот коллегиясы Жахабанын Күбөлөрүнүн жактоочулары келтирген далилдерди четке кагып, 10 мүнөт кеңешкенден кийин эле соттун чечимин жарыялаган. Сот 2016-жылдын 12-октябрында Тверь райондук соту Башкы прокуратуранын пайдасына чыгарган чечимди колдогон. Ошентип, 2016-жылы 2-мартта Жахабанын Күбөлөрүнө берилген эскертүү күчүндө калган. Бирок бул эскертүүнүн Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн дин тутуу эркиндигине кандай таасир этери азырынча белгисиз.