Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 23-НОЯБРЬ
ОРУСИЯ

Орусия соту Ыйык Китептин «экстремисттик» адабият деп жарыяланышына байланыштуу доо арызды карайт

Орусия соту Ыйык Китептин «экстремисттик» адабият деп жарыяланышына байланыштуу доо арызды карайт

2017-жылдын 6-декабрында Ленинград облустук соту Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» орус тилиндеги басылышына тыюу салган төмөнкү баскычтагы соттун чечимин жокко чыгарууну суранган Жахабанын Күбөлөрүнүн доо арызын карайт.

2017-жылдын август айында Выборг шаардык соту прокурордун тетраграмматон түрүндө жазылган Кудайдын ысмы Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунда» «Жахаба» деп берилгендиктен ал котормо Ыйык Китеп деп эсептелбейт деген доо арызын орундаткан. Прокурордун келтирген аргументи ыйык тексттерди экстремисттик деп жарыялоого тыюу салган «Экстремисттик иш-аракетке каршы туруу жөнүндөгү» мыйзамды айланып өтүүгө жол берген.

Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосун» орус тилинде чыгарган Жахабанын Күбөлөрү Выборг шаардык сотунун Ыйык Китепти «экстремисттик» адабият деп тапканына кошулбайт. «Жаңы дүйнө котормосу» абдан так, түшүнүктүү которулганы менен белгилүү. Ал толугу менен же жарым-жартылай 161 тилде басылып чыгарылган жана 200 миллиондон ашуун нускасы таратылган.