Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 28-ИЮНЬ
ОРУСИЯ

Сот Деннис Кристенсенди бошотууга байланыштуу доо арызды канааттандыруудан баш тартты

Сот Деннис Кристенсенди бошотууга байланыштуу доо арызды канааттандыруудан баш тартты

2017-жылдын 21-июнунда Орёл облустук соту Деннис Кристенсенди тергөө камак жайынан бошотууга байланыштуу доо арызды канааттандыруудан баш тартты. 2017-жылдын 25-майында Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) кызматкерлери жана бет кап кийген, куралчан полиция кызматкерлери Даниянын жараны болгон Кристенсен мырзаны Жахабанын Күбөлөрүнүн диний жолугушуусуна катышканы үчүн камакка алышкан.

Орусия Федерациясынын Жогорку Соту жакында эле Жахабанын Күбөлөрүнүн Орусиядагы юридикалык жактарын «экстремисттик» деп жарыялап, алар жүргүзгөн иштер тез аранын ичинде токтотулсун деген чечим чыгарган. 25-майда Жахабанын Күбөлөрүнүн диний жолугушуусуна кирип келген полиция кызматкерлери жолугушууга келгендерге, «экстремисттик» деп табылган уюмдун ишин улантып жатышканы үчүн, кылмыш иши козголорун айтышкан. ФКК облустук соттон Кристенсен мырзаны — мурун эч кандай кылмыш кылбаган, тынчтыкка умтулган жаранды — 2017-жылдын 23-июлуна чейин тергөө камак жайында кармоого буйрук беришин талап кылган. Алар ошол убакыттын ичинде Кристенсен мырзаны «экстремист» деп айыптоого далил топтоону көздөөдө.

Жахабанын Күбөлөрү Жогорку Соттун адилетсиз чечимине макул эмес экенин билдирип, тийиштүү органдарга доо азыр менен кайрылууда. Алар ошондой эле Орусиянын Конституциясы менен Адам укуктары боюнча Европа конвенциясы кепилдик берген укуктарын, тагыраак айтканда, эч кандай тоскоолдуксуз диний иштерин жүргүзүүгө болгон укуктарын коргоого даярдык көрүп жатышат.