2017-ЖЫЛ, 24-ИЮЛЬ
ОРУСИЯ
Орёл шаарындагы сот Деннис Кристенсендин камоо мөөнөтүн узартты
2017-жылдын 20-июлунда Орёл шаарынын Советский райондук соту Жахабанын Күбөсү болгон Деннис Кристенсендин убактылуу камоо мөөнөтүн 2017-жылдын 23-ноябрына чейин узартты. Даниянын жараны болгон Деннис Кристенсен 25-майда Орёл шаарында өткөрүлгөн диний жолугушууга барган болчу. Тынчтыкта өткөрүлүп аткан ошол жолугушууга Федералдык коопсуздук кызматы жана бет кап кийген, куралчан полиция кызматкерлери кирип барып, аны кармап кетишкен.
Жактоочусу барымта төлөөгө зарыл чараларды көрүп, соттон Кристенсен мырзаны боштондукка чыгарууну өтүнгөн. Тилекке каршы, сот, анын мурда соттолбогондугуна жана зордук-зомбулукка жаткан иш-аракет кылбаганына карабай, өтүнүчтү канааттандырбай койгон.
17-июлда Орусиянын Жогорку Сотунун апелляциялык палатасы Жахабанын Күбөлөрүнүн бүт юридикалык жактарын жоюп, иш-аракетине өлкө боюнча тыюу салган мурунку чечимди күчүндө калтырган. Ошол чечимден кийин эле Кристенсен мырзанын камоо мөөнөтү узартылган. Орусия өкмөтү өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрүн он жылдан бери экстремисттер деген айып менен куугунтуктап келет. Эми алардын иш-аракети кылмыштуу деп табылышы үчүн жалган далилдерди чогултуп жатат.
АКШнын Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун убактылуу өкүлү Кейт Бернс Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн учурдагы жагдайы жөнүндө мындай деген: «17-июлда Жогорку Соттун экстремисттик иш-аракет менен алектенет деген айып менен Жахабанын Күбөлөрүнүн иш-аракетине тыюу салган, алардын административдик борборун жана 395 жергиликтүү диний уюмун жойгон чечимди күчүндө калтырганына тынчсызданып жатабыз. Ушунун айынан Орусиядагы 175 000 Жахабанын Күбөсү туткан дини үчүн эле кылмышкер катары куугунтукталуу коркунучу алдында турат. Орусиядагы тынчтыкты сүйгөн диний азчылыктын мүчөлөрүн бутага айлантыш үчүн экстремизм жөнүндөгү мыйзамдын өтө эле кеңири колдонулушу кабатыр кылбай койбойт».