Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 12-АПРЕЛЬ
ОРУСИЯ

Жогорку Сот Жахабанын Күбөлөрүнүн алардын уюмун жабууга байланыштуу далилдерин укту

Жогорку Сот Жахабанын Күбөлөрүнүн алардын уюмун жабууга байланыштуу далилдерин укту

2017-жылдын 12-апрелинде Жогорку Соттун Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмун жабууга байланыштуу ишти карап жатканына 4 күн болду. Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборунун жактоочулары Юстиция министрлиги койгон айып Орусиянын эл аралык уюм менен түзгөн келишимдерин жана өзүнүн Конституциясын бузарын тастыктаган жүйөлүү далилдерди келтиришти.

Жактоочулар Юстиция министрлигинин Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмун жабууну көздөп жатканы эл аралык мыйзамдарды, анын ичинде Европа конвенциясын, ошондой эле Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактты бузууга жатарын да айтышты. Аталган келишимдер жана Орусиянын Конституциясы абийир эркиндигине, дин тутуу эркиндигине, сөз эркиндигине, эркиндикте чогулуп, пикирлешүү укугуна (юридикалык бирикмелерди түзүү укугу) кепилдик берет.

Күбө катары суралган төрт Жахабанын Күбөсү алардын жыйналышында экстремисттик материалдардын федералдык тизмесине кирген адабияттар колдонулбай турганын жана Жахабанын Күбөлөрүнүн экстремизм менен эч байланышы жок экенин айтышты. Сот тыныгуу жарыялады. Сот отуруму 2017-жылдын 19-апрелинде Орусия убактысы боюнча саат 10:00дө уланат.