Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 7-АПРЕЛЬ
ОРУСИЯ

Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмун жабууга байланыштуу сот отурумунун үчүнчү күнү

Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмун жабууга байланыштуу сот отурумунун үчүнчү күнү

Орусия Федерациясынын Жогорку Соту Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмун жабууга байланыштуу ишти карап жатканына бүгүн үч күн болду. Сотто Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборунун эки жетекчиси да күбөлөндүрүү берди. Алар Юстиция министрлигинин Жахабанын Күбөлөрүнө койгон айыбына каршы экенин билдиришти.

Сергей Черепанов Юстиция министрлигинин Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борбору экстремизмге байланыштуу мыйзамды бузуп жатат деген айыбына каршы пикирин билдирди. Бирок Министрлик административдик борбор ал мыйзамды кандайча бузуп жатканын жана мыйзам бузулбашы үчүн, борбор тараптан эмне кылынышы керектигин так-айкын билдирген эмес. Административдик борбордун дагы бир жетекчиси Василий Калин борбордун 26 жылдан бери иш жүргүзүп келе жатканын баса белгилеп: «Биз кайсы убактан бери экстремист болуп калдык?» — деген суроо узатты. Ал Жахабанын Күбөлөрүнүн көз карашы өзгөрбөгөнүн, тагыраак айтканда, бийликтегилерге мурдагыдай эле баш ийип, Ыйык Китептеги тынчтыкты сактоого байланыштуу принципке бекем карманышарын айтты. Ошондой эле Жахабанын Күбөлөрүнүн азыртадан эле куугунтуктала баштаганына тынчсызданып жатканын билдирди.

Сот отуруму 2017-жылдын 12-апрелинде Орусия убактысы боюнча 10:00дө улантылат.