Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 19-АПРЕЛЬ
ОРУСИЯ

5-күн. Жогорку Сот Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмун жабууга байланыштуу далилдерди кароодо

5-күн. Жогорку Сот Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмун жабууга байланыштуу далилдерди кароодо

Бүгүн Орусия Федерациясынын Жогорку Соту ишке тиешелүү 43 томдуу документти кароого киришти. Административдик борбордун жактоочулары (ортодо) укук коргоо органдарынын Жахабанын Күбөлөрүнүн сыйынуу жайларына кирип келип, текшерүү жүргүзгөнүнө байланыштуу жаңы далилдерди документке тиркөөгө уруксат алышты. 2017-жылдын март, апрель айларында укук коргоо органдарынын кызматкерлери өткөрүлүп жаткан диний жолугушууларды токтотуп, сыйынуу жайларында отургандарга кылмышкерлерге мамиле кылгандай мамиле кылышкан.

Сот Юстиция министрлигинин Жахабанын Күбөлөрүнүн 395 юридикалык жагын (жергиликтүү диний уюмдарын) жабууга байланыштуу өтүнүчүн карап жатканда Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмундагы юридикалык жана канондук түзүлүшкө байланыштуу келтирилген далилдерди укту. 8 жергиликтүү диний уюмдун жабылышына байланыштуу сот чечимдери каралып жатканда Жахабанын Күбөлөрүнүн жактоочулары ал чечимдердин жалган далилдерге негизделгенин жана сот ишинде каталар кеткенин айтышты.

Андан тышкары, административдик борбордун жактоочулары Юстиция министрлигинин эки башка стандартка карманарын баса белгилешти. Жергиликтүү диний уюмдарды жоюуга байланыштуу сот иштери жүрүп жатканда Министрлик ал уюмдар жүргүзгөн иштер менен административдик борбордун ортосунда эч кандай байланыш жок деп ырастаган. Ошондой эле административдик борборго сот иштерине катышууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Бирок бул жолкусунда Министрлик жергиликтүү диний уюмдардын «мыйзамды бузганы» жана Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарында «экстремисттик» мазмундагы маалыматтар камтылганы үчүн административдик борбор жооп бериши керек деп ырастоодо.

Министрлик Жахабанын Күбөлөрүнүн бир нече юридикалык жагын текшерип, текшерүүнүн жыйынтыгын Жогорку Сотто карала турган документке тиркеген. Бирок Министрлик Жахабанын Күбөлөрүнүн экстремисттик иштер менен алектенип жатканын тастыктаган бир да далил келтире алган жок.

Сот отуруму 2017-жылдын 20-апрелинде Орусия убактысы боюнча саат 14:00дө уланат.