Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 20-ДЕКАБРЬ
ОРУСИЯ

Аркадя Акопяндын ишине байланыштуу акыркы сот отуруму 21-декабрда болот

Аркадя Акопяндын ишине байланыштуу акыркы сот отуруму 21-декабрда болот

Орусияга караштуу Кабарда-Балкар Республикасынын 70 жаштагы тургуну, мурун тикмечи болуп иштеген, учурда ардактуу эс алууда жүргөн Аркадя Акопян, 2018-жылдын 21-декабрында акыркы жолу сот алдына барат. Ага «экстремисттик» адабияттарды таратууда жана Падышалык залындагы жолугушууда айткан баяндамасында «диний кастыкты козуткан» деген айып коюлган. Ошол себептен ал бир тууган бир жылдан ашуун убакыттан бери Прохладный райондук сотунун алдында өзүн коргоп келет.

Акопян ишеними үчүн кылмышкер катары айыпталган 100дөн ашык Жахабанын Күбөсүнүн бири гана. Биз ишениминен жазбаган бул бир туугандарыбыз Кудай гана бере алган жан дүйнө тынчтыгына ээ болсун деп тиленип турабыз (Эфестиктер 6:11—14, 23).