Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 5-ДЕКАБРЬ
ОРУСИЯ

Орусия өкмөтүнүн өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборунун мүлкүн тартып алгысы келгенине байланыштуу сот отуруму башталат

Орусия өкмөтүнүн өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборунун мүлкүн тартып алгысы келгенине байланыштуу сот отуруму башталат

Орусиянын бийлик өкүлдөрү Жахабанын Күбөлөрүнүн Санкт-Петербургга жакын жайгашкан Солнечноедогу административдик борборунун мүлкүн тартып алууну көздөөдө.

2017-жылдын 20-апрелинде Жогорку Сот Жахабанын Күбөлөрүнүн бардык юридикалык жактары жоюлсун жана алардын мүлкү, анын ичинде административдик борбору тартылып алынсын деген чечим чыгарган. Бирок алардын мүлкү Кошмо Штаттардагы Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомуна (Пенсильвания) таандык болгондуктан суроо көтөрүлгөн. Ошо себептен айыптоочу мүлктүн Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомуна мыйзамдуу түрдө өткөрүлгөнү тууралуу 17 жыл мурун түзүлгөн келишимди жокко чыгарууга аракет кылууда. Жогорку Соттун чечими чыкканга чейин келишимге байланыштуу маселе көтөрүлгөн эмес. Ошондой эле Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому мүлк ага өткөндөн тартып, салыкты төлөп келген. Бийликтегилер мүлктү тартып алуу максатына жетиш үчүн иш-аракетин мыйзамдуудай кылып көрсөтүүгө амалкөйлүк менен умтулууда.

2017-жылдын 29-ноябрында болгон алдын ала угуу учурунда сот Жахабанын Күбөлөрүнүн жактоочуларынын бардык өтүнүчтөрүн четке каккан. Бул айыптоочуга ишин аягына чыгарышына жакшы шарт түзүп берген. Эгер мүлк тартылып алына турган болсо, Жахабанын Күбөлөрү миллиондогон долларга чыгым болушат. Административдик борборунда 400гө жакын Орусиянын жана башка улуттун жарандары жашачу. Айрымдардын ал жерде жашаганына 20 жылдан ашып калган. Аларга ал жерден кетүү жана өз ыктыяры менен орусиялыктар үчүн кылып жаткан кызматын токтотуу абдан оор болууда.

Бул иш боюнча сот отуруму 2017-жылдын 7-декабрында Санкт-Петербургдагы Сестрорецкий райондук сотунда саат 14:00до башталат.