Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 5-АПРЕЛЬ
ОРУСИЯ

Жогорку Сот Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмун жабууга байланыштуу ишти караганын улантууда

Жогорку Сот Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмун жабууга байланыштуу ишти караганын улантууда

Орусиянын Жогорку Соту Жахабанын Күбөлөрүнүн диний уюмун жабуу ишине байланыштуу өтүнмөлөрдү жана келтирилген далилдерди уккандан кийин тыныгуу жарыялады. Юстиция министрлиги Жогорку Сотко «Жахабанын Күбөлөрүнүн диний уюмун, административдик борборун, экстремисттик деп жарыялашын жана жоюшун» өтүнүп, доо арыз менен кайрылган. Сот 2016-жылдын 6-апрелинде саат 14:00дө улантылат.

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү Марк Сандерсон сот отурумуна катышты. Ал мындай дейт: «Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборунун өтүнмөлөрүнө Жогорку Соттун көңүл бурбаганы жана четке какканы аябай капалантууда. Сот отурумуна көптөгөн элчиликтин жана адам укуктарын коргоо боюнча уюмдардын өкүлдөрү да катышты. Бул соттун жыйынтыгына бүт дүйнө жүзү кызыгып, көңүл бурууда».