Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 27-ИЮЛЬ
ОРУСИЯ

Орусия Ыйык Китепти экстремисттик адабият деп жарыялоону көздөп жатат

Орусия Ыйык Китепти экстремисттик адабият деп жарыялоону көздөп жатат

АКЫРКЫ МААЛЫМАТ: Выборг шаардык соту сот отурумун 2017-жылдын 9-августунда улантат

2017-жылдын 28-июлунда Выборг шаардык соту Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» орус тилиндеги басылышы экстремисттик же экстремисттик эмес экенине байланыштуу сот отурумун улантат. 2016-жылдын апрелинде Ленинград-Финляндия транспорт прокурорунун өтүнүчү боюнча сот Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» экстремисттик же экстремисттик эмес экенин аныктоо үчүн экспертиза өткөрүүнү буйруган.

Улам кийинкиге жылдырылып отуруп, акыр-аягы, экспертиза 2017-жылдын 22-июнунда аяктап, жыйынтыгы сотко өткөрүлүп берилген. Жахабанын Күбөлөрү күткөндөй эле, экспертизаны өткөргөндөр Ыйык Китепти экстремисттик адабият деп табышкан. Алар Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» «Ыйык Китеп болуп эсептелбейт» деген бүтүмгө келишкен. Бирок бул — Ыйык Китеп сыяктуу ыйык тексттерди экстремисттик деп жарыялоого тыюу салган «Экстремисттик иш-аракетке каршы туруу жөнүндөгү» мыйзамды айланып өтүүнүн бир амалы. Андан сырткары, экспертизаны жүргүзгөндөр теологиялык себептерден улам ушундай жыйынтык чыгарышкан. Алар Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунда» тетраграмматондун a «Жахаба» деп берилгенине каршы чыгышууда жана Жахабанын Күбөлөрү текстти өздөрүнүн окууларына ылайыкташтырып алышкан деп жалган жалаа жабышууда.

a Тетраграмматон — Кудайдын төрт еврей тамгасы (יהוה) менен берилген ысымы. Ал Еврей Жазмаларында 7 000дей жолу кездешип, ЙХВХ же ЖХВХ деп транслитерацияланат.