Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 6-АПРЕЛЬ
ОРУСИЯ

Орусиянын Жогорку Соту Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмунун жабылышына байланыштуу ишти 2017-жылдын 7-апрелинде улантат

Орусиянын Жогорку Соту Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмунун жабылышына байланыштуу ишти 2017-жылдын 7-апрелинде улантат

Орусия Федерациясынын Жогорку Сотунун сот отуруму Юстиция министрлигинин сунушу менен башталды. Министрлик төмөнкү баскычтагы соттордун Жахабанын Күбөлөрүнүн айрым юридикалык жактары экстремисттик иш менен алек болууда деген чечимине таянып, Жахабанын Күбөлөрүнүн бардык юридикалык жагын жабууну талап кылды. Сот Юстиция министрлигинин өкүлүнөн сөз жүрүп жаткан 8 юридикалык жак жүргүзгөн иштердин негизинде Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборун жана өлкөдөгү 395 юридикалык жагын экстремисттик деп эсептесе болор-болбосун сурады. Ошондой эле Сот юридикалык жактардын жоюлушу Жахабанын Күбөлөрүнүн сыйынуусуна кандай таасир этерин сурады. Андан сырткары, Жахабанын Күбөлөрү коомдун тынчтыгына жана коопсуздугуна кандайча коркунуч туудуруп жатканын дагы бир жолу сурады. Жахабанын Күбөлөрүнүн жактоочулары берген суроолордон да Юстиция министрлиги юридикалык жактарды жоюуну эле эмес, Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмун жабууну көздөп жатканы айкын болду.

Сот отуруму 2017-жылдын 7-апрелинде Орусия убактысы боюнча саат 10:00дө улантылат.