2018-ЖЫЛ, 23-ФЕВРАЛЬ
ОРУСИЯ
Орёл шаарындагы сот Деннис Кристенсендин тергөө камак жайында отуруу мөөнөтүн узартты
2018-жылдын 22-февралында Орёл шаарындагы Железнодорожный райондук сотунун соту Алексей Руднев Деннис Кристенсендин тергөө камак жайында отуруу мөөнөтү 2018-жылдын 1-августуна чейин узартылсын деген чечим чыгарды. Деннис Кристенсенге экстремисттик деп жарыяланган диний уюмдун иштерин уюштурган деген айып коюлуп, сот иши козголгон. Аны 2017-жылдын май айында диний жолугушууга кирип барган полиция кызматкерлери кармап кетишкен.
19-февралда башталган алдын ала угууда сот эки тараптын доо арызынын негизинде чечим чыгарууну кийинкиге жылдырган. Бирок 22-февралда өткөн сот отурумунда сот Деннис Кристенсендин жактоочулары тарабынан берилген доо арызды канааттандыруудан баш тартып, анын тергөө камак жайында отуруу мөөнөтү узартылсын деген чечим чыгарган. Кылмыш ишине байланыштуу сот отуруму 26-февралда саат 14:30да өткөрүлөт.
Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү Деннис Кристенсен үчүн тынчсызданууда жана анын жубайы Иринага ушундай оор кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө жардам беришин сурап, Кудайдан тиленип жатышат. Деннис Кристенсен 9 айдан бери тергөө камак жайында отурат.