Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 1-МАРТ
ОРУСИЯ

Орёл шаардык соту Деннис Кристенсендин ишин кароону 2018-жылдын 3-апрелинде улантат

Орёл шаардык соту Деннис Кристенсендин ишин кароону 2018-жылдын 3-апрелинде улантат

2018-жылдын 26-февралында Орёл шаарындагы Железнодорожный райондук сотунда Деннис Кристенсенге каршы козголгон кылмыш ишине байланыштуу сот отуруму башталды. Сот залына Кристенсен мырзаны колдогону көп киши келди. Даниянын королдук элчилигинин консулу Жан Кристина Демирчи да атайын Москвадан Орёл шаарына сот отурумуна барды. Бир эле саатка созулган отурумда сот Алексей Руднев Кристенсен мырзага жана анын жактоочуларына ишке тийиштүү материалдарды карап чыгууга кошумча убакыт бере турган коргонуу өтүнүчүн орундатты. Буга чейинки Советский райондук сотто өткөрүлгөн сот отурумунда Кристенсен мырзанын ушул укугун чектеп, 2 500 беттен турган орус тилиндеги материалды кароого эки эле жума берип койгон. Сот Алексей Руднев Кристенсен мырзага каршы козголгон кылмыш ишине байланыштуу сот отуруму 2018-жылдын 3-апрелинде саат 10:30да улантыларын жарыялады. Ага чейин Кристенсен мырза тергөө камак жайында отурат.