Мазмунун көрсөтүү

Доо арызды кароо боюнча сот отуруму өткөн Ленинград облустук сотунун имараты

2017-ЖЫЛ, 27-ДЕКАБРЬ
ОРУСИЯ

Орусия соту Ыйык Китептин «экстремисттик» адабият деп жарыяланышына байланыштуу доо арызды канааттандыруудан баш тартты

Орусия соту Ыйык Китептин «экстремисттик» адабият деп жарыяланышына байланыштуу доо арызды канааттандыруудан баш тартты

Апелляциялык сот төмөнкү баскычтагы соттун Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» орус тилиндеги басылышын «экстремисттик» адабият деп тапкан чечимин күчүндө калтырды. Бул чечимге ылайык, Ыйык Китепке тыюу салынды. Жакында ал экстремисттик материалдардын федералдык тизмесине кошулат. Эми «Жаңы дүйнө котормосун» таратуу кылмыш деп эсептелет. Атүгүл аны өзү окуш үчүн алып жүргөндөргө да чоң суммадагы айып пул салынышы мүмкүн же андан да оор жагдайга кабылышы ыктымал.

Сот «эксперттердин» далилдерди келтире албаганына көз жумду мамиле кылды

2017-жылдын 20-декабрында Ленинград облустук соту прокурордун жана сот тарабынан дайындалган «эксперттердин» Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосун» «экстремисттик» адабият деп жарыяланышына негиз бере турган далилдердин бирин да келтире албаганына карабай, Выборг шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Соттордун чечими Ыйык Китептин орус тилиндеги ушул котормосун сындаган бир эле «экспертизага» негизделди.

Облустук соттун үч соттон турган коллегиясы экспертизада карама-каршылыктар бар экенин билгенде, суроолорго жооп бериши үчүн «эксперттер» сотко чакырыларын билдирди. Төрагалык кылган сот Лариса Горбатова экспертизанын жетектеген Крюковага: «„Жаңы дүйнө котормосу“ Ыйык Китеп деп эсептелеби?» — деген суроо берди. Крюкова ал, «салттуу православие христианчылыгынын көз карашына ылайык», Ыйык Китеп деп эсептелбей турганын айтты. Жактоочулардын бири андан ал котормонун экстремисттик адабият экенин көрсөткөн аяттардын, жок дегенде, бирин айтып беришин сураганда, Крюкова жооп бере алган жок. Андан соң сот Горбатова бул котормонун эмненин негизинде экстремисттик деп атаса болорун Крюковадан сураганда, ал бул «укуктук суроо» экенин айтып, жооп берүүдөн баш тартты.

Жактоочулардын бири Крюковадан «Жаңы дүйнө котормосунун» Ыйык Китеп эмес экенин эмненин негизинде аныктаса болорун сураганда, Крюкава Ыйык Китепке «партриархтын батасы менен» деп жазылышы же «партриархтын батасы менен» которулган котормого сөзмө-сөз дал келиши керектигин айтты. Жактоочу андан эксперттер эмне үчүн «Жаңы дүйнө котормосу» «талаптарга жооп берген котормо эмес» деп жыйынтык чыгарганын сурады. Крюкова да, башка «эксперттер» да бул суроого так-айкын жооп бере алган жок. Ушундан кийин сот «адистерге» суроо берүүнү токтотту.

Жахабанын Күбөлөрүнүн жактоочулары соттон «экспертизанын» бейкалыстык менен жүргүзүлгөнүнүн далилдерине, анын ичинде «Уикипедиядан» жана православие чиркөөсүнүн дин кызматчыларын окуткан окуу жайдын студентинин жазгандарынан алынган материалдарды кошуп койгонуна көңүл бурушун өтүнүштү. Соттор муну эске аларын билдирди, бирок «Жаңы дүйнө котормосун» калыс эксперттердин иликтеп чыгышын жана сот отурумунун улантылышын суранган өтүнүчтү орундатуудан баш тартышты.

Ыйык Китепке чабуул коюлганынын максаты эмнеде?

Акыркы жарыш сөздө Жахабанын Күбөлөрүнүн жактоочусу сотко мындай суроолор менен кайрылды: «Прокуратура мыйзамга ылайык келген кандай максатты көздөөдө? Эмнени ишке ашыргысы келип жатат? Орус тилинде сүйлөгөн жана бул Ыйык Китепти окуган миңдеген жарандардын муну өрттөп жок кылышынбы? Же, алар муну өрттөгүсү келбесе, аларга каршы кылмыш ишин козгоонубу?»

Орусиянын бийлик өкүлдөрү Жахабанын Күбөлөрүнүн доо арызын бейкалыстык менен карап, алардын адабияттары «экстремисттик» деп жарыялансын деген мурунку чечимдерди күчүндө калтыргандыктан, өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрү коопсуздугу үчүн абдан тынчсызданууда. Орусиянын антиэкстремисттик мыйзамы материалдарды таратууга же ушул максат менен чогултууга тыюу салат. Бирок Орусиянын укук коргоо органдары бул мыйзамдын чегинен чыгып кетүүдө. Алар Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүн тинтип, өздөрү окуш үчүн үйүнө коюп койгон бир нече адабият үчүн эле административдик иш козгоодо. Андан тышкары, бийлик өкүлдөрү жасалма далилдерди чыгарыш үчүн тыюу салынган адабияттарды Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүнө таштап кетүүдө. Анан келип, «таап алган» ал адабиятты Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык жактарын жоюуга, атүгүл аларга каршы кылмыш ишин козгоого негиз катары колдонууда.

Жахабанын Күбөлөрүнө карата мурункудан да катаал мамиле кылынып, үйлөрү тинтүүгө алынышы мүмкүнбү? «Жаңы дүйнө котормосун» өзү окуш үчүн эле үйүндө кармагандарга административдик же кылмыш иши козголобу? Бул Орусия өкмөтүнүн учурдагы чечимди Жахабанын Күбөлөрүнүн дин тутуу эркиндигин бузуш үчүн курал катары кантип колдонгонуна жараша болот.