Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 24-НОЯБРЬ
ОРУСИЯ

Орёл шаардык Соту Деннис Кристенсендин тергөө камак жайында отуруу мөөнөтүн дагы узартты

Орёл шаардык Соту Деннис Кристенсендин тергөө камак жайында отуруу мөөнөтүн дагы узартты

АКЫРКЫ МААЛЫМАТ: 2017-жылдын 22-декабрында Советский райондук соту Деннис Кристенсендин жактоочусунун анын убактылуу камак жайдан бошотушун сурап кайрылган доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Деннис Кристенсендин убактылуу камоо мөөнөтү 2018-жылдын 23-февралында аяктайт. Бирок ага чейин ал сот алдына барат. Балким, ага карата кылмыш иши козголушу мүмкүн.

2017-жылдын 20-ноябрында Орёл шаарынын Советский райондук сотунда өткөн үч саатка созулган сот отурумунун жыйынтыгында Деннис Кристенсендин тергөө камак жайында отуруу мөөнөтү 2018-жылдын 23-февралына чейин узартылган. Сот Кристенсендин тергөө камак жайында отуруу мөөнөтүн ушуну менен экинчи жолу үч айга узартып жатат. 2017-жылдын май айында Орёл шаарында тынчтыкта өтүп жаткан жолугушууга полиция кызматкерлери кирип келип, текшерүү ишин жүргүзүшкөн. Полиция кызматкерлери ошондо Деннис Кристенсенди кармап кетип, сурак-соту жок эле камап койгон. Кристенсен ошондон бери тергөө камак жайында отурат.

Жахабаны Күбөсү болгон Деннис Кристенсен — Дания өлкөсүнүн жараны. Ал камакка алынганга чейин Орусиянын Жогорку Соту өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрүн экстремисттик уюм деп чечим чыгарып, ишине тыюу салган болчу. Райондук сот Деннис Кристенсендин мыйзамсыз иш менен алектенгенин тастыктаган «далил» топтолгонго чейин, анын камоо мөөнөтүн дагы узартты. Сот Деннис Кристенсенди тергөө иши жүрүп жаткан маалда үй камагына бошотуудан баш тарткан. Мындан тышкары, Дания өкмөтүнүн Деннис Кристенсенге жаңы паспорт берилбей турганына же өлкөдөн чыгып кетишине колдоо көрсөтүлбөй турганына кепилдик бергенине көңүл бурган эмес.

Учурда камакта отурган Деннис Кристенсен жана Орусиянын жараны болгон жубайы дин тутуу эркиндигине жана чогулуу эркиндигине болгон негизги укуктарынын чегинде гана иш жүргүзүшкөн болчу. Сот Деннис Кристенсендин убактылуу тергөө камак жайында эки жыл отурсун деген чечим чыгара алат. Деннис Кристенсен күнөөлүү деп табылса, алты жылдан он жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн.