Мазмунун көрсөтүү

ОРУСИЯ

Ишеними үчүн түрмөдө отургандар. Орусия

Ишеними үчүн түрмөдө отургандар. Орусия

Бүгүнкү күндөгү Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн тарыхында кысым жана куугунтук чоң из калтырды. Негизи, Жахабанын Күбөлөрү тынчтыкка умтулган, мыйзамга баш ийген жарандар катары белгилүү. Ошентсе да 20-кылымдын көпчүлүк бөлүгүндө алар Орусиянын бийлиги тарабынан адилетсиз мамилеге дуушар болуп, куугунтук жеп келишкен. Советтер Союзу маалында өкмөт Жахабанын Күбөлөрүн дининен баш тарттырууну, өздөрүнүн идеологиясын кыйнап кабыл алдырууну же ошого ынандырууну көздөшкөн. Аларга Ыйык Китепти же башка диний адабияттарды үйүндө кармоого тыюу салышкан. Алардын аркасынан тынбай аңдышкан. Ошол себептен Жахабанын Күбөлөрү диний жолугушууларын жашыруун өткөрүүгө мажбур болушкан. Жолугушуу өткөрүп жатканы билинип калса, ур-токмокко алынып, узак мөөнөткө түрмөгө кесилишчү. Өкмөт миңдегендерин Сибирге сүргүнгө айдаган.

Мындай жагдай 1991-жылга чейин өкүм сүргөн. Анткени ошол жылы Орусия мамлекети Жахабанын Күбөлөрүн расмий түрдө каттап, аларга Кудайга эркин сыйынганга тоскоолдук жаратпай калган. Бирок андай тынч мезгил көпкө созулган эмес.

2009-жылы Орусиянын Жогорку соту Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышын «экстремисттик» деп тапкан төмөнкү баскычтагы соттун чечимин колдогон. Ошондон тартып, куугунтук жана чектөөлөр күч ала берген. Сот иштери бир нече жылга созулган. Акыры, 2017-жылдын апрелинде Орусиянын Жогорку соту Жахабанын Күбөлөрүнүн жүргүзгөн ишин экстремисттик деп таап, юридикалык жактарын жокко чыгарган. Орусиянын өкмөтү соттун чечими чыгары менен Жахабанын Күбөлөрүнүн имараттарын тартып алууга, сыйынуу жайларын жабууга киришкен. Ошондой эле диний адабияттарын «экстремисттик материалдар» деп жарыялашкан.

Ушу менен эле тим болбостон, Орусия өкмөтү Жахабанын Күбөсү болгондорду жекече куугунтуктай баштаган. Алар атүгүл Жахабанын Күбөсү болгондордун өз алдынча Кудайга сыйынганын «экстремисттик иш» деп карашкан. Мунун айынан полиция кызматкерлери Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүн тинтип, тинтүү маалында аларды кордоп, зомбулук көрсөтүшкөн. Кары-жаш дебей, аял-эркек дебей кармап кетишкен. Аларды айыптуу деп таап, айрымдарын түрмөгө камаса, башкаларын үй камагына алышкан.

2017-жылдын апрелинде ишибизге тыюу салынгандан бери жүздөгөн Жахабанын Күбөлөрү «экстремисттик иштерге катыштыгы бар» деп айыпталып, тергөө камак жайына же түрмөгө камалып келишет. 2024-жылдын 18-октябрындагы маалыматка ылайык, 131 Жахабанын Күбөсү камакта отурат.

Орусия өкмөтүнүн Жахабанын Күбөлөрүнө катаал мамиле кылып жатканынын көптөргө маалым болушу

Эл аралык коомчулук Орусия өкмөтүн Жахабанын Күбөлөрүн куугунтуктаганын токтотууга кайра-кайра чакырып келет. Орусиядагы жагдайдан кабардар болуп турган башка өлкөдөгү байкоочулар менен соттор Орусия өкмөтүнүн Жахабанын Күбөлөрүн катуу куугунтуктап жатканын туура көрүшкөн жок.

Адам укуктары боюнча Европа соту. 2022-жылдын 7-июнунда Адам укуктары боюнча Европа соту Жахабанын Күбөлөрүнө кысым көрсөтүп жатканы үчүн Орусия өкмөтүнө каршы өкүмүн жарыялаган («Таганрогдогу ЖДУ жана башкалар Орусияга каршы», № 32401/10 жана башка 19). Сот Орусия өкмөтүнүн 2017-жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салганы мыйзамсыз болгонун билдирген. Андыктан Орусия өкмөтүн «Жахабанын Күбөлөрүнө каршы козголгон кылмыш иштеринин баарын жаап, [түрмөдө отурган] Жахабанын Күбөлөрүн бошотуп, алардын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн зарыл чараларды көрүүгө» милдеттендирген. Андан тышкары, тартылып алынган мүлктүн баарын кайтарып берүүнү же жабыркагандарга кенемте катары 60 миллиондон ашуун доллар төлөп берүүнү, ошондой эле сотко доо арыз менен кайрылгандардын баарына моралдык кенемте катары 3 миллиондон ашык доллар төлөп берүүнү буйруган.

Европа Кеңешинин башкы катчысынын каты. Орусиянын Тышкы иштер министрлигине 2022-жылдын 9-декабрында жолдогон катында Мария Пейчинович-Бурич мындай деген: «„Москвадагы Жахабанын Күбөлөрү жана башкалар“, „Крупко жана башкалар“ деген сот ишине байланыштуу айта турган болсом, диний жамаатты жокко чыгаруу ал жүргүзгөн иштерге тыюу салынышына, тынчтыкта өткөрүлгөн диний каадалардын токтотулушуна жана айрым катышуучулардын эркинен ажыратылышына алып барган. Комитет өкмөттөгүлөрдү Жахабанын Күбөлөрүнүн бардык уюмдарынын иш-чараларына тыюу салганын токтотуп, аларга каршы козголгон кылмыш иштеринин баарын жабууга милдеттендирген».

Европа Кеңешинин министрлер комитетинин чечими: Өзүнүн 2023-жылдын сентябрында өткөрүлгөн жолугушуусунда Министрлер комитети (МинКом) «[Адам укуктары боюнча Европа сотунун] Конвенциянын 46-беренеси боюнча жана «Таганрог ЖДУ жана башкалар» деген чечимдин резолюциялык бөлүгү боюнча берген так-айкын көрсөтмөлөрү, айрыкча, камакка алынган Жахабанын Күбөлөрүнүн боштондукка чыгарууга байланыштуу маселе Орусия өкмөтү тарабынан толугу менен жана атайылап этибарга алынбай жатканын терең тынчсыздануу менен баса белгилеген». Орусия талаптарды аткарбай жаткандыктан, МинКом «тийиштүү сот иштеринин талаптары аткарылышы үчүн, ушул иштердин тобун Адам укуктары боюнча кеңешке, БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин Мыйзамсыз кармоо боюнча жумушчу тобуна жана Жахабанын Күбөлөрүнүн Орусияда куугунтукталып жатканына байланыштуу көйгөйлөр менен иштеген башка тийиштүү эл аралык уюмдарга билдирүүнү туура көргөн».

Катаал өкүм чыгарылганына мисалдар

  • 2024-жылдын 25-январында 37 жаштагы Сона Олопова аттуу келин мажбурлап иштетүү максатында эки жылга түзөтүү абагына кесилип кеткен. Учурда ал мөөнөтүн Самара облусунда өтөп жатат. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери 2023-жылдын май айында анын үйүн тинтишкен. Натыйжада Сонага экстремисттик ишке катыштыгы бар деген айып коюлуп, ага каршы кылмыш иши козголгон. Чынында, ал Кудай кошкон бир туугандары менен бирге Кудайга тынч эле сыйынып жүргөн. Анын болгон «кылмышы» — ошол. Сона: «Бир эле учурда Жахабанын Күбөсү да болуп, экстремист да болуп жүрө албайсың. Менин ишимди карап жаткандар ушуну эске алышкан жок»,— дейт.

  • 2024-жылы февралда апелляцилык сот Дмитрий Бармакинди айыптуу деп таап, буга чейинки соттун чечимин күчүндө калтырды. Аны сот залынан дароо эле камакка алып кетишти. Ал сегиз жылдык мөөнөтү бүткөнгө чейин түрмөдө болот. Дмитрий менен Елена Бармакиндер Еленанын 90 жаштагы чоң апасын карап, аныкында турушчу. 2018-жылдын июль айында укук коргоо органдарынын куралчан кызматкерлери ошол үйгө кирип барышкан. Дмитрий менен Еленаны жашаган шаарына, Владивостокко, алып кетип, ал жактан Дмитрийди камакка алышкан. Аларга «экстремисттик уюмдун иш-чараларын уюштурган» деген айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Учурда Дмитрий Хабаровск облусундагы камак жайда отурат. 2029-жылдын ноябрында бошотулат. Елена дагы Кудайга ишенгени үчүн соттолуп жатат.

  • 2024-жылдын 29-февралында 53 жаштагы үй-бүлөлүү Александр Чаганга Самара облусунун Тольяти Борбордук райондук соту тарабынан өкүм чыгарылган. Ал сегиз жылга кесилип кеткен. Бул Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрү болгон эркектер кесилген эң узак мөөнөттөрдүн бири болуп эсептелет. Аны сот иши териштирилип бүтөйүн деп калганда сот болгон жерден түрмөгө алып кетишкен. Азыркы тапта Дмитрий Самара облусунун № 4 камак жайында отурат. 2032-жылы январда бошотулат.

  • 2024-жылдын 5-мартында Сибирдин чыгыш тарабындагы Иркутск облусундагы сот 9 Жахабанын Күбөсүнө экстремизм боюнча айып тагып, аларды күнөөлүү деп тапкан. Ошол тогуз 9 киши (алардын эң сакалдуусу 72 жашта) ар кандай мөөнөткө, жалпысынан, 7 жылга чейин кесилип кетишкен. Алардын сот иштери тээ 2021-жылдын октябрында эле башталган болчу. Ошондо укук коргоо органдарынын кызматчылары алардын үйүн тинтишкен. Алардын бири Ярослав Калин өкүм чыгарылганга чейин эле эки жыл тергөө камак жайында отурган эле. Ал камалышын «адам чыдагыс шарттарда эң эле начар камерадагы» абдан оор «тажрыйба» деп сыпаттаган.

  • Жети жылга кесилген Ринат Кирамовду түрмөнүн жетекчилери 2024-жылы апрелде туберкулёздун белгилери байкалды деген себеп менен медициналык түзөтүү абагына которушкан. 2021-жылдын ноябрында 36 жаштагы Ринатка экстремисттик ишке катыштыгы бар деген айып коюлуп, ага каршы кылмыш иши козголгон болчу. Камак жайда бир жарым жыл отургандан кийин 7 жылга кесилип кеткен. Ринатты медициналык түзөтүү абагына которушкандан кийин, ошол абакта отурган топ киши аны катуу сабашкан, атүгүл электрошокер менен кыйнашкан. Мындан тышкары, ага төрт күн бою тамак бербей, уктатпай да коюшкан. Медициналык текшерүүдөн өтүп, туберкулёз менен оорубай турганы анык болгондо Ринатты 2024-жылдын 17-майында кайрадан жалпы түрмөгө которушкан. Ал 2027-жылы декабрда бошотулат.

  • 2024-жылы 20-июнда Хабаровскто жашаган 3 Жахабанын Күбөсү эң эле узак мөөнөткө кесилген. Орусияда Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык жактары жоюлгандан бери, Орусиянын бир да соту Жахабанын Күбөлөрүн ушунчалык узак мөөнөткө кесе элек болчу. Николай Полеводов сегиз жарым жылга, Виталий Жук сегиз жыл төрт айга, ал эми Станислав Ким сегиз жыл эки айга кесилди. Үчөөнө тең «экстремисттик уюмдун иш-чараларын уюштурду» деген айып коюлган. Чынында, алар үй-бүлөлөрү, Кудай кошкон бир туугандары менен тынч эле чогулуп, Ыйык Китепти окуп, изилдеп жүрүшкөн. 2024-жылдын октябрынан тартып алардын жаза мөөнөтү бир жылга кыскартылып, шарттуу жазага алмаштырылган. Андан соң ал үч бир тууганыбыз бошотулган.

Мыйзамсыз түрдө камоону токтотуу үчүн бардык чаралар көрүлүүдө

Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү ишенимдештеринин Орусияда ушунчалык катаал мамилеге дуушар болуп жатканын көрүп, абдан тынчсызданып жатышат. Төгөрөктүн төрт бурчундагы миллиондогон Жахабанын Күбөлөрү Орусиянын бийлик өкүлдөрүнө кат жазып, камакка алынган ишенимдештерин бошотууну өтүнүшкөн. Ал эми камакка алынган ишенимдештерибиздин жактоочулары Орусиянын сотунун бардык баскычтарына жана Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылышкан. Ошондой эле БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине, БУУнун Мыйзамсыз кармоо боюнча жумушчу тобуна доо арыз менен кайрылышкан. Мындан тышкары, адам укуктарынын бузулушун көзөмөлдөгөн эл аралык уюмдарга билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн. Орусиядагы ишенимдештери туш болуп жаткан мындай диний куугунтукту токтотуш үчүн Жахабанын Күбөлөрү бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, баарына маалым кылууга умтула берет.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2024-жыл, 18-октябрь

    131 Жахабанын Күбөсү түрмөдө отурат.

  2. 2023-жыл, 24-октябрь

    БУУнун Адам укуктары боюнча комитет (АСУЭП) Элиста жана Абинск жергиликтүү диний уюмдарына карата эки пикирин билдирген. Эки учурда тең АСУЭП Орусия Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактын 18.1-беренеси боюнча («эркин ой жүгүртүүгө, абийир эркиндигине жана дин тутуу эркиндигине болгон укук») жана 22.1-беренеси боюнча («эркин чогулуп, пикирлешүү укугу») Жахабанын Күбөлөрүнүн укугун бузган деген тыянак чыгарган. Ал тыянакта алардын диний адабияттарында жек көрүүчүлүккө, зордук-зомбулукка түрткөн эч нерсе камтылбаганы баса белгиленген.

  3. 2022-жыл, 7-июнь

    АУЕС Орусия өкмөтүнүн Жахабанын Күбөлөрүнө кылган адилетсиз мамилесине каршы «Таганрог ЖДУ жана башкалар Орусияга каршы» деген иши боюнча чечим чыгарган.

  4. 2022-жыл, 12-январь

    Орусия Федерациясынын Юстиция министрлиги JW Library тиркемесин экстремисттик материалдардын федералдык тизмесине киргизди. Орусияда жалгыз ушул тиркемеге гана тыюу салынган. Тиркеменин экстремисттик деп табылганы биринчи жолку көрүнүш болду.

  5. 2021-жыл, 27-сентябрь

    Санкт-Петербург шаардык соту доо арызды четке кагып, 2021-жылдын 31-мартында чыгарылган төмөнкү инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды. Ал чечимге ылайык, JW Library тиркемеси экстремисттик деп жарыяланып, аны бүтүндөй Орусия Федерациясынын аймагында жана Крымда колдонууга тыюу салынды. Соттун чечими дароо эле мыйзамдуу түрдө күчүнө кирди.

  6. 2019-жыл, 26-апрель

    БУУнун Мыйзамсыз камоо боюнча жумушчу тобу Дмитрий Михайловдун укуктары тебеленип жатканын, Орусия өкмөтүнүн Жахабанын Күбөлөрүн куугунтуктап жатканы туура эмес экенин билдирген.

  7. 2017-жыл, 20-апрель

    Орусия Федерациясынын Жогорку соту Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалын тартып алууга жана 395 жергиликтүү диний уюмуна тыюу салууга байланыштуу чечим чыгарган.