2017-ЖЫЛ, 6-АПРЕЛЬ
ОРУСИЯ
Орусиянын Жогорку Соту Жахабанын Күбөлөрүнө каршы козголгон ишти кароодо
Орусия Федерациясынын Жогорку Соту Юстиция министрлигинин Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборун жабууга байланыштуу доо арызын карап жатканына экинчи күн болду. Сот тыныгуу жарыялады. Сот отуруму 2017-жылдын 7-апрелинде, жума күнү, Орусия убактысы боюнча саат 10:00дө уланат.
Нью-Йорктогу Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгынын өкүлү Давид Симонян: «Бүгүнкү сот отурумунда Юстиция министрлиги биздин уюмга койгон айыптарынын негиздүү экенин далилдеп бере алган жок»,— деди. Анан мындай деп кошумчалады: «Бирок Юстиция министрлиги, Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынса, алар атүгүл чогуу тиленгени үчүн да кылмышкер катары жазага тартыларын айтты. Жогорку Сот адилеттүү чечим чыгарып, негизги укуктарыбызды коргойт деп үмүттөнөбүз».
Байланышуу:
Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000
Орусия: Ярослав Сивульский, тел: +7-812-702-2691