2017-ЖЫЛ, 20-ДЕКАБРЬ
ОРУСИЯ
Орусияда «Жаңы дүйнө котормосуна» тыюу салган чечим күчүндө калды
Ленинград облустук соту Выборг шаардык сотунун Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» орус тилиндеги басылышын экстремисттик адабият деп жарыялаган чечимине каршы доо арызыбызды канааттандыруудан баш тартты. Сот отурумуна 30дай киши, анын ичинде Британиянын, Нидерландиянын, Швейцариянын жана Кошмо Штаттардын элчилигинин өкүлдөрү катышты.
Сот тарабынан дайындалган эксперттер Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунда» Ыйык Китеп деген жазуу жок болгондуктан, ал Ыйык Китеп болуп саналбайт деген корутунду чыгарып, анын «экстремисттик» адабият деп жарыяланышына жол ачышкан. Сот отурумунда жактоочу тарап экспертиза кесипкөйлөр тарабынан жүргүзүлбөгөнүн жана бейкалыс көз караштын негизинде ушундай корутунду чыгарылганын тастыктаган бир нече төгүндөлгүс далилдерди келтирди.
«Эксперттер» деп аталгандар Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунда» анын Ыйык Китеп экени жазылбагандыктан, ал Ыйык Китеп деп эсептелбейт деген көз карашта болушчу. Бирок жактоочулар «Жаңы дүйнө котормосунун» 2007-жылкы басылышынын 5-бетинде: «„Жаңы дүйнө котормосу“ — Ыйык Китептин орус тилиндеги котормосу» — деп, так-айкын жазылганын баса белгилешти. Ошондой эле 287 күн экспертиза жүргүзгөн «эксперттердин» «Жаңы дүйнө котормосунун» кириш сөзүнүн 3-абзацында жазылган ал сөздөрдү байкабай калышканын айтып, аларды сынга алышты.
Суроо берилип жатканда сот дайындаган эксперттердин бири эң башында айткан пикирин жактап, «Жаңы дүйнө котормосунда» «патриархтын батасы менен» деген жазуу жок болгондуктан же сөзмө сөз которулбагандыктан, ал Ыйык Китеп деп эсептелбей турганын айтты. «Эксперттер» ошондой эле «Жаңы дүйнө котормосунда» Кудайдын ысымы Жахаба деп берилгенине каршы чыгып, андагы тексттер чиркөөнүн догмасын колдобойт деп билдиришти. Сот «Жаңы дүйнө котормосун» калыстык менен изилдей турган экспертиза жүргүзүлүшүн сурап кайрылган жактоочулардын өтүнүчтөрүнүн баарын канааттандыруудан баш тартты.
Бир туугандарыбыз Орусиядагы сот тутумдарынын баарына кайрылды. Доо арызы канааттандырылбагандыктан, эми алар Адам укуктары боюнча Европа Сотуна кайрылат.
Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү адамзат коомунун бири да Кудайдын Сөзүн жок кыла албай турганына жана анын таралышына бөгөт койгусу келип жаткандардын мүдөөсү ишке ашпай турганына толук ишенишет (Ышая 40:8).
Байланышуу:
Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000