2016-ЖЫЛ, 22-СЕНТЯБРЬ
ОРУСИЯ
1-БӨЛҮК
Орусия экстремизмге каршы мыйзамга таянып, Жахабанын Күбөлөрүн кылмышкерлердин катарына кошууда
Бул — дин, саясат, социология жаатындагы белгилүү окумуштуулар, ошондой эле советтик жана постсоветтик Орусия боюнча адистер менен курулган дил маекке негизделген катар макалалардын биринчиси.
Санкт-Петербург (Орусия). Орусия Федерациясынын Башкы прокуратурасы Жахабанын Күбөлөрүн экстремисттер деп жарыялоого аракет кылууда. Эгерде сот айыптоочу жакты колдосо, Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык жагы жоюлуп, натыйжада бүт өлкөдө алардын иш жүргүзүшүнө тыюу салынат. Жахабанын Күбөлөрү Башкы прокуратура чыгарган эскертүүгө макул эместигин билдирип, даттануу менен кайрылышкан. Сот иши 2016-жылдын 23-сентябрында кайрадан уланары күтүлүүдө.
Орусия бийлигинин Жахабанын Күбөлөрүнө каршы жүргүзгөн иши экстремизмге каршы мыйзамга негизделет. Окумуштуулардын ою боюнча, ал — «маани-маңызсыз» жана «оңдоп-түзөөнү талап кылган» мыйзам, ошондой эле ал өз ичине «кодулоону» да камтыйт.
«Күрөштү экстремизмдин адам өмүрүнө коркунуч туудурган түрлөрү менен жүргүзүш керек. Мындан башка нерселер менен күрөшүүнүн өзү эле экстремизмге жатат»,— дейт Бэйлор университетинин астындагы Доусон атындагы чиркөө жана өкмөттү изилдөө институтунун (АКШ) мурунку директору Дерек Дэвис.
Санта-Барбарадагы (АКШ) Калифорния университетинин астындагы глобалдык жана эл аралык изилдөөлөр боюнча Орфали борборунун деректири Марк Юргенсмейер тынчтыкка умтулган диний топко, Жахабанын Күбөлөрүнө, карата ушу сыяктуу катуу чаралардын көрүлүп жатканына байланыштуу мындай деген: «Бийликтегилердин экстремизмге каршы күрөшүп жатабыз деп куулук менен дин тутуу эркиндигин чектегени кейиштүү». Британ академиясынын мүчөсү Жим Бекфорд: «Орус православие чиркөөсүнүн кээ бир өкүлдөрү өз кызыкчылыктарын көздөгөндүктөн жана атаандаш болуп көрүнгөндөрдү жок кылгысы келгендиктен укук коргоо органдары менен жашыруун кызматташышат»,— деп айткан.
Адистердин ою боюнча, көйгөй мыйзамды кыянат колдонуунун өзүндө эле эмес, так-айкын жазылбаган беренелердин мыйзамды кыянат колдонууга шарт түзгөнүндө. Буга байланыштуу Москвадагы «Сова» укук коргоо борборунун докладында мындай делген: «Экстремизмге каршы мыйзамдын так-айкын жазылбаган беренелери бийликтегилерге саясий каршылаштарын же кайсы бир топторду куугунтуктаганга курал болуп жатканын көп жолу жазып чыкканбыз».
«Бийликтегилердин Жахабанын Күбөлөрүнүн укуктарын тебелеп-тепсеп жатканына Орусиянын жарандары кайдыгер карабашы керек,— деп ой бөлүшөт Эмили Бэран, Теннесидеги (АКШ) Мидл Мамлекеттик университетинин Орусия жана Чыгыш Европанын тарыхы боюнча доцент.— Анткени бул башка топтордун, ошондой эле сан жагынан салыштырмалуу азыраак келген жамааттардын тең укуктарынан айрылышына алып келиши мүмкүн».
Байланышуу:
Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, 1-718-560-5000
Россия: Ярослав Сивульский. Тел: +7 812 702 2691