Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 17-ФЕВРАЛЬ
ОРУСИЯ

Орусиянын Жогорку Соту экстремисттер деген айып менен дагы бир юридикалык жакты жапты

Орусиянын Жогорку Соту экстремисттер деген айып менен дагы бир юридикалык жакты жапты

2017-жылдын 9-февралында Орусия Федерациясынын Жогорку Соту Биробижан шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү диний уюму жабылсын деген чечим чыгарды. Төмөнкү баскычтагы сот ал уюмду экстремисттик уюм деп жарыялап, диний иштерди жүргүзүүгө тыюу салган болчу. Жогорку Сот ошол чечимди колдоду.

Ал чечим жасалма далилдердин негизинде чыгарылган. 2015-жылдын февралында жана 2016-жылдын январында полиция кызматкерлери Жахабанын Күбөлөрү диний жолугушууларды өткөрүү үчүн ижарага алган имаратка тыюу салынган адабияттарды таштап кетишкен. Кийин келип «таап алдык» деп ырасташкан. Январда бет кап кийген, атайын кызматты аткарган полиция кызматкерлери кирип келип, жыйналышты токтотушкан да, баарынын көзүнчө эле тыюу салынган адабиятты отургучтун астына коюп коюшкан.

Орусиянын аймагындагы еврей автономиялык облусунун борбор шаары Биробижандагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү диний уюму жабылды. Бул — Москва шаардык сотунун башкы айыптоочусунун Жахабанын Күбөлөрүнүн Башкаруу борборуна берген эскертүүсүнөн кийин жабылган диний уюмдардын биринчиси.