Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 16-МАРТ
ОРУСИЯ

Орусиянын Юстиция министрлиги өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмун жабууга аракет кылууда

Орусиянын Юстиция министрлиги өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмун жабууга аракет кылууда

Орусиянын Юстиция министрлиги «Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборун — диний уюмун — экстремисттик уюм деп жарыялашын, жүргүзгөн ишине тыюу салышын жана жоюшун» суранып, Жогорку Сотко доо арыз менен кайрылды. 2017-жылдын 15-мартында Жогорку Сот расмий веб-сайты аркылуу Министрликтин доо арызын кабыл алганын билдирди. Кийинчерээк Жахабанын Күбөлөрүнүн административтик борборуна Жогорку Сот Юстиция министрлигинин арызынын кабыл алганы жана 2017-жылдын 5-апрелинде саат 10:00дө сот отурумун өткөрүүнү пландаштырганы билдирилген.

Жогорку Соттун Юстиция министрлигинин доо арызын канааттандырган чечими Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрү үчүн аябай кесепеттүү болот. Алар сыйынууга арналган имараттарынан, мүлкүнөн айрылышат. 400дөй юридикалык жагы жоюлат жана 170 000ден ашуун Жахабанын Күбөсүнүн ар бирине сыйынуу үчүн чогулганы, Ыйык Китепти чогуу окуганы же ишеними жөнүндө башкаларга айтканы үчүн эле кылмыш иши козголушу мүмкүн.

Жахабанын Күбөлөрүнүн Орусиядагы административдик борборунун өкүлү Василий Калин мындай дейт: «Орусиядагы ар бир Жахабанын Күбөсүнүн эңсегени — Кудайга тынчтыкта сыйынуу. Жүз жылдан ашуун убакыттан бери дин тутуу укугун берген мыйзамды Орусия өкмөтү өзү бузуп келатат. Сталин үй-бүлөбүздү, Жахабанын Күбөсү болгонубуз үчүн эле, Сибирге сүргүнгө айдаганда кичинекей бала болчумун. Эми балдарымдын да, неберелеримдин да биз көргөндү көрөрү жөнүндө ойлогондо жүрөгүм зыркырап кетет. Азыркы Орусия өкмөтү бизди динибиз үчүн ушинтип куугунтуктайт деп эч качан ойлогон эмесмин».