Мазмунун көрсөтүү

Артур Лохвицкий жубайы Анна менен

26-ЯНВАРЬ, 2021
ОРУСИЯ

Үйү тинтилген Артур Лохвицкий төрт жылга камалышы мүмкүн

Үйү тинтилген Артур Лохвицкий төрт жылга камалышы мүмкүн

Өкүм

2021-жылы, 2-февралда a Еврей автономиялык облусунун Биробижан райондук соту Артур Лохвицкийдин ишине байланыштуу чечимин жарыялайт. Ал төрт жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жеке маалымат

Артур Лохвицкий

  • Туулган жылы: 1986 (Белгородское, Еврей автономдук облусу)

  • Кыскача таржымалы: Артур жети жашка чыкканда, атасы каза болуп калган. Кесиби боюнча электрик жана өрт коопсуздугу боюнча адис. Күжүрмөн эмгектенгени үчүн сыйлыкка ээ болгон

    Кичинесинен тартып эле апасы аны Жахабаны сүйгөн бала кылып чоңойтконго аракет кылган. 1998-жылы 11 жашында чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгон. Жубайы Анна экөө 2018-жылы баш кошушкан. Алар саякаттаганды, таза абада убакыт өткөргөндү жакшы көрүшөт

Иштин чоо-жайы

2018-жылдын май айында, Артур менен Аннанын баш кошконуна үч эле ай болгондон кийин, коопсуздук кызматкерлер алардын үйүн тинткен. «Сот күнү» деп аталган ал тинтүү операциясына 150 кызматкер катышып, Жахабанын Күбөлөрүнүн 22 үйү тинтилген. Коопсуздук кызматкерлер Артурдун апасы Иринанын үйүнө да барышкан. 2019-жылдын 31-июлунда болсо Биробижандагы Федералдык коопсуздук кызматы Артурга «экстремисттик» иштерге катышууда деген айып коюп, кылмыш ишин козгогон. Анна менен Иринага да эки башка иш боюнча айып коюлган.

Аларга каршы козголгон кылмыш иши ал үй-бүлөгө акча жагынан бир топ кыйынчылыктарды туудуруп жатат. Алсак, бийлик өкүлдөрү Артурдун банк эсебин бууп коюшкан. Анысы аз келгенсип, жумуш берүүчүсү Артурду жумуштан чыгарып жиберем деп коркуткан.

Тергөө иштери жүрүп жаткандыктан, алардын күнүмдүк иштери чаржайыт болуп, кыйналып жатышат. Артур мындай дейт: «Жашообуздун нугу аябай эле бузулду. Бир жумага, атүгүл бир күнгө иштерибизди пландаштыра албай калдык. [Полиция] өздөрүнө ылайыктуу учурда, ар кайсы убакта чалат. Ошондуктан пландаштырып койгон нерселерибизди кайра-кайра өзгөрткөнгө туура келет».

Артур менен Анна ишенимдештеринин колдоосуна аябай ыраазы. Артур мындай дейт: «Алар бизге эмоциялык жактан да, рухий жактан да чоң жардам берип жатышат... Жахабанын элинин арасында жүргөнүбүз үчүн жана сот отурумдарында Жахабанын ысмын коргоп жатканыбыз үчүн өзүбүздү канчалык бактылуу сезерибизди сөз менен жеткире албайм! Жахаба өзүнө таандык болгондорду калтырай турганы айкын көрүнүп турат!»

Артур бир тууганыбыз Жахабадан тиленип, Ыйык Китепти окуп-изилдегенин аркасында да дем-күч алып жатат. Бирок бул дайыма эле оңойго турбайт. Ал мындай деп эскерет: «„Сот күнү“ деп аталган тинтүү операциясы башталгандан кийин, Ыйык Китебибиз жана Ыйык Китепке негизделген бир да адабиятыбыз жок калды». Башында Артур буга аябай сарсанаа болгон. Ал Ыйык Китепти кантип окуп-изилдейбиз деп башы каткан. Анткен менен дароо эле маанилүү бир чындыкты эстеген. Ал тууралуу Артур мындай дейт: «[ФККнын кызматкерлери] Жахабадан тиленишибизге такыр бөгөт коё албайт. Ошол себептен биз тилене баштадык. Бизге так ошол тиленүү жардам берди».

Жахаба алардын үнүн угуп, зарыл рухий тамак менен камсыз кылган. Мунун аркасында алар рухий күн тартибине андан ары да кармана алышкан. Артур: «Биз үй-бүлөлүк изилдөөнү дайыма өткөргөнгө, жолугушууларга даярданганга, үй-бүлөбүз менен Ыйык Китепти окуганга бүт күчүбүздү жумшайбыз. Бул бири-бирибиз менен ынак болгонго эле эмес, Жахабанын колдоосун сезгенге, жакшыдан үмүт үзбөгөнгө да көмөк кылып жатат»,— дейт.

Ал ишенимдештерибизге Ыйык Китепти окуп, изилдегенден тышкары, келечекте ала турган баталар тууралуу ой жүгүртүү да дем-шык берүүдө. «Келечекке болгон үмүтүбүз тууралуу ой жүгүртүп, жаңы заманда жашап жатканыбызды көбүрөөк элестете баштадык»,— дейт Артур. Ошондой эле: «Жерди тазалоо ишине, куруу ишине катыша турган учурду самап күтүп жатабыз. Бул бизге күч берип, ындыныбызды өчүрбөгөнгө жардам берет»,— деп кошумчалайт.

Ал күн келгенге чейин Артур менен Анна Еврейлер 13:6дагы сөздөр тууралуу күн сайын ой жүгүртө бергенге чечкиндүү. Аятта: «Жахаба — менин жардамчым; мен коркпойм. Адам мага эмне кыла алат?» — деп жазылган. Артур мындай дейт: «Эркиндиктен ажыратылып калсак да, ишенимдештерибиз менен чогула албай калсак да, атүгүл бири-бирибиз менен көрүшпөй калсак да, биз жогору баалаган нерселерди: Жахаба менен болгон мамилебизди, тиленүүнү, келечекке болгон үмүтүбүздү бизден эч ким тартып ала албайт. Биз көңүлүбүздү ушуга топтойбуз».

a Күнү өзгөрүшү мүмкүн.