Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: сот залындагы темир тордун ичинде отурган Иван Пуйда, атасы Григорий Пуйда, таятасы Пётр Парцей

14-ОКТЯБРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Үч мууну тең куугунтукталган үй-бүлө

Үч мууну тең куугунтукталган үй-бүлө

Кылмышкер катары айыпталган Иван Пуйда деген ишенимдешибизге атасынын, таятасынын Жахабага ишенимдүүлүк менен кызмат кылганы куугунтукка тике караганга жардам берүүдө

Иван Пуйда атасынын күндө кечинде ага жана 7 бир тууганына «Ыйык китептик аңгемелер» китебин окуп бергенин жылуу сезимдер менен эскерет. Атасы Григорий менен Квиток деген айылда кабар айтып жүргөн кези күнү бүгүнкүдөй эсинде. Үйдөн үйгө кабар айтып жүргөндө мугалимдерине, классташтарына көп жолуга турган. Өспүрүм кезинде болсо Иван бир тууганыбыз таятасы Пётр Парцей менен дайындалбаган аймактарды иштетчү. Ошол учурда таятасынын кызматка болгон ынтасына, жан аябастыгына күбө болгон.

Иван атасынын да, таятасынын да Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды окуп жатканын көп көрчү. Ошонун аркасында алардан үлгү алууга бел байлаган.

Бирок азыр 41 жашка келип калган Иван Пуйда башка жактан да атасы менен таятасынын жолун жолдоп каларын билген эмес. Тагыраак айтканда, Жахабага кызмат кылганы үчүн кармалып, түрмөгө камалган. Аны Федералдык коопсуздук кызматкерлери (ФКК) 2018-жылдын 30-майында кармап кетишкен. Ал темир тордун артында 4 ай отурган. Боштондукка чыккандан кийин дагы 6 ай үй камагында болгон. Таятасы убагында нацисттер тарабынан да, Совет өкмөтү тарабынан да кармалып, түрмөгө кесилген. Атасы Григорийди да Советтер Союзу эркинен ажыраткан.

Иван Пуйда мындай деп бөлүшкөн: «Элчи Пабыл 2 Тиметей 3:14тө: „Сен болсо эмнени үйрөнүп, эмнеге ынансаң, ошого бек карман, анткени кимдерден үйрөнгөнүңдү билесиң“,— деп жазган. Чындыкты кимдерден үйрөнгөнүмдү билгеним мага дем-шык берчү. Бир да саясат, бир да түрмө аларды ишенимден тайдыра алган эмес. Куугунтук да түбөлүккө созула бербейт. Азыр мен алардан үлгү алып, алар көрсөткөн жолдо баратам. Жахабага ишенимдүү болсом, ал мени сыйлыксыз калтырбай турганын билем». Учурда Иван бир тууганыбыз соттун чечимин күтүп жатат.

Атасы менен таятасы түрмө жөнүндө сөз кылганда ал жактагы катаал шарттар жөнүндө эмес, жакшы кабар айтканда болгон кызыктуу окуялар жөнүндө айтып беришчү экен.

64кө таяп калган Григорий 1975-жылы чөмүлтүлгөн. Ал аскер кызматынан баш тарткандыктан чөмүлгөндөн кийин Советтер Союзундагы түзөтүү-эмгек абагында 1 жыл отуруп чыккан. Аны 1977-жылы бошотушкан. 1986-жылы болсо тыюу салынган Ыйык Китепти алып жүргөнү үчүн дагы бир жылга түрмөгө кесилген. Ал эми анын атасы Иван бейтараптуулук сактаганы үчүн 1944-жылдан 1950-жылга чейин түзөтүү-эмгек абагына камалган.

Григорий мындай дейт: «Күчтүү ишеним мага куугунтукту көтөрүп кеткенге жардам берди. Чындык жолунда жүргөнүмө, Жахабанын чыныгы Кудай экенине кымындай да шектенген эмесмин».

Учурда анын уулу Иван да ошондой эле жагдайга туш болууда. «Совет доору азыркыга чейин эсимде. Ошол кездеги нерселер азыр да кайталанып жатат,— дейт Григорий.— Ушул кыйынчылыкка карабай уулум ишенимин сактап, Жахабанын ысымын туруктуулук менен даңктай алышы үчүн тиленип жатам».

1943-жылы Ивандын таятасы Пётр Парцей да ишеними үчүн ушундай кыйынчылыкты башынан кечирген. Көзү өтүп кеткен ал ишенимдешибизди убагында нацисттер ишенимден баш тартарын көрсөткөн документке кол койбой койгону үчүн Майданек лагерине жөнөтүшкөн. Андан кийин Равенсбрюктагы лагерге айдашкан. Ал 1945-жылы Совет аскери нацисттерге чабуул койгондо бошотулган. Кийин 1952-жылы кайрадан камалып, ага өлүм өкүмү чыгарылган. Бирок ал жаза жокко чыгарылган да, Пётр 1956-жылы эркиндикке чыккан. Ошондой эле ал 1958-жылы ишеними үчүн дагы бир жолу камалып, 1964-жылга чейин түрмөдө отурган.

«Таятамдын кынтыксыздыгын сактаганы мага дем-күч берип келет,— дейт Иван.— Ал тирилгенде, мен да аныкындай кыйынчылыктарга кабылганымды, анын үлгүсү мага ишенимдүү бойдон калганга жана кайраттуу болгонго жардам бергенин айтып берем».

Ал сөзүн мындай деп улайт: «Эч ким мени Жахабага болгон ишенимимден жаздырып, ага болгон сүйүүмдөн ажырата албайт. Мени суракка алгандарга: „Мени кармап кетип, түрмөгө камагандан башка эч нерсе кыла албайсыңар. Коркутуп-үркүткөнүңөр да акылым менен жүрөгүмдү багындыра албайт“,— деп көп айтчумун».

Бул ишенимдештерибизге туруктуу болгонго эмне жардам берүүдө?

Иван буга мындай деп жооп берет: «Элчилер 14:22ден: „Кудайдын Падышалыгына биз көптөгөн кыйынчылыктар аркылуу киришибиз керек“,— дегенди окуйбуз. Кыйынчылык Кудайдын бир да кызматчысын кыя өтпөйт. Бул түрмөгө карта эле айтылган эмес. Буга ооруга чалдыкканыбыз же жакын адамыбыздан айрылганыбыз да кирет. Баары маанайыбыздан жана Жахаба менен болгон ынак мамилебизден көз каранды. Жахаба кызматчыларын дайыма колдогонго даяр».

Анын атасы Григорий болсо мындай дейт: «Жахаба менен болгон мамилеңерди чыңдагыла. Аны менен дос болгула. Чындык жолунда жүргөнүңөргө көзүңөр жеткидей болсо, курмандыктарга барганга даяр болосуңар. Жумшаган аракетиңердин акыбети кайтат».

Ишеними үчүн куугунтукталган бир туугандарыбызды Жахаба колдоп жатканы жөнүндөгү ушундай окуяларды окуганда кайраттанып калабыз. Биз Орусиядагы бир туугандарыбыз кайраттуу болуп, Жахабанын: «Коркпо... сен ала турган сыйлык абдан чоң»,— деген убадасынан күч ала бериши үчүн тиленип турабыз (Башталыш 15:1).