10-ИЮНЬ, 2020
ОРУСИЯ
10 жыл мурун АУЕСтин чоң мааниге ээ чечим чыгарганына карабай Орусия эл аралык укукту одоно бузуп келет
Адам укуктары боюнча Европа соту (АУЕС) туура 10 жыл мурун, 2010-жылдын 10-июнунда чыгарган чечиминде, Орусиянын көп жылдар бою өлкөсүндөгү ишенимдештерибиздин дин тутуу эркиндигин чектөө менен адам укуктарын одоно бузгандыгын баса белгилеген. Ошондо АУЕС Орусия өкмөтүн чоң айып пул төлөгөнгө жана 2004-жылы жоюлган Жахабанын Күбөлөрүнүн Москвадагы жергиликтүү диний уюмун кайра каттоодон өткөргөнгө милдеттендирген.
Ал чечим жарыя кылынары менен Москвадагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жамаатынын төрагасы Иван Чайковский мындай деген: «Бул чечим диний көз карашы башка адамдарга толеранттуу (сабырдуу) болгонго карата жалпыда кеңири кабыл алынган пикирди багындырды. Бийликтегилер укуктарыбыздын бузулганын токтоосуз түрдө моюнга алат жана бүтүндөй өлкө боюнча Жахабанын Күбөлөрүнө каршы жүргүзүлгөн куугунтук өнөктүгү токтойт деп үмүттөнөм».
Орусия Федерациясы АУЕСтин ал чечимде коюлган талаптарын аткармак тургай, өлкөнүн бир четинин экинчи четине чейин ишенимдештерибизди ого бетер куугунтуктай баштаганда, адилеттүүлүк орнойт деген үмүт буудай тарап кетти. Ал гана эмес, күчөп отуруп 2017-жылы Орусиянын Жогорку соту эч кимге эч кандай зыян келтирбеген диний ишмердүүлүгүбүзгө тыюу салып салган. Натыйжада ал жактагы ишенимдештерибиз арт-артынан камакка алынып, кылмыш иштери козголуп, четинен эркинен ажыратыла башташты.
АУЕСтин Орусияга каршы чыгарган ал чечиминен кийин он жыл өтсө да, анда коюлган талаптардын басымдуу бөлүгү дагы эле күчүндө. Орусия өкмөтү учурда эч кимге эч кандай жамандык кылбаган ишенимдештерибизге негизсиз эле коюп жаткан күнөөлөрдү АУЕС 2010-жылы чыгарган ошол чечимде эле жүйөлүү эмес деп тапкан.
Алсак, АУЕС Москвадагы Юстиция министрлиги менен соттордо Жахабанын Күбөлөрүн кайра каттоодон баш тартууга «мыйзамга негизделген себеби болгон эмес» деп баса белгилеген. АУЕС Москвадагы бийлик өкүлдөрүн «ишеним көрсөтпөгөнү, бейтараптуу, калыс мамиле жасабаганы» үчүн айыптаган. Андан сырткары, Москвадагы бийлик өкүлдөрү Орусия өкмөтү мүчө-өлкө катары аткарууга милдеттенме алган Адам укуктары боюнча Европа конвенциясын бузушкан.
Орусиянын 2010-жылдагыдай эле, 2020-жылда да бир туугандарыбызга каршы жүргүзгөн куугунтук өнөктүгү көз жаздымда калган жок. Европа жана Орто Азия боюнча Адам укуктарын көзөмөлдөгөн уюмдун башчысынын орун басары Рейчел Денбер: «Орусияда Жахабанын Күбөлөрү динин тутканы үчүн эле эркиндигинен ажырап калышы мүмкүн»,— деген. 2020-жылдын 9-январында айткан сөзүндө: «Аларга жасалган мындай мамилени актай турган эч кандай негиз жок»,— деп кошумчалаган.
Ушундай адилетсиз мамилеге кабылган Орусиядагы бир туугандарыбыз үчүн тиленгенибизди токтотпойбуз жана Жахабанын аларга «чыдамкайлык, кубаныч менен туруктуу болгонго» күч-кубат береринен эч шектенбейбиз (Колосалыктар 1:11).