Мазмунун көрсөтүү

Юрий Савельев сот залында (2020-жыл, 26-август)

11-ДЕКАБРЬ, 2020
ОРУСИЯ

2 жылдан ашуун убакыттан бери тергөө камак жайында отурган Юрий Савельев 8 жылга кесилиши мүмкүн

2 жылдан ашуун убакыттан бери тергөө камак жайында отурган Юрий Савельев 8 жылга кесилиши мүмкүн

Өкүм жарыяланчу күн

2020-жылдын 16-декабрында a Новосибирсктеги Ленин райондук соту Юрий Савельевдин ишине байланыштуу чечимин чыгарат. Айыптоочу аны 8 жылга эркинен ажыратууну талап кылууда. Эгер бул ишке аша турган болсо, 2017-жылы Орусиядагы Жогорку сот ишибизге тыюу салгандан берки эң узак мөөнөт болот.

Жеке маалымат

Юрий Савельев

  • Туулган жылы: 1954 (Крохалёвка кыштагы, Новосибирск)

  • Кыскача таржымалы: Апасы Юрий ымыркай кезинде эле каза болуп калган. Ошондуктан аны эжеси чоңойткон. Заводдо сантехник болуп иштеген. Аялы көз жумгандан кийин динге кызыга баштаган. Ыйык Китептен жүрөгүн өйүгөн суроолоруна канааттандырарлык жооп тапкан. 1996-жылы чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгон.

Иштин чоо-жайы

2018-жылы, 8-ноябрь күнү полиция кызматкерлери Новосибирск облусундагы Жахабанын Күбөлөрүнүн 10 үйүн, анын ичинде Юрий бир тууганыбыздын үйүн тинтишкен. Алар аны кармап кетип, сот болгонго чейин тергөө камак жайына камап коюшкан.

Юрийге өз шаарында Жахабанын Күбөлөрүнүн ишин уюштурду деген айып коюлган. Ал бошотулуш үчүн бир нече жолу доо арыз менен кайрылса да, анын тергөө камак жайындагы мөөнөтүн тогуз жолу узартышкан. Ал темир тордун артында эки жылдан ашуун убакыт отурган. 2017-жылы Орусиянын Жогорку соту ишибизге тыюу салгандан бери Деннис Кристенсен менен Сергей Климов гана түрмөдө Юрийден узагыраак убакыт отурат.

2020-жылдын 9-декабрында, шаршемби күнү, сот алдында айткан соңку сөзүндө ал эр жүрөктүк менен мындай деген: «Мен кылмыш кылганым үчүн эмес, Жахабанын Күбөлөрүнүн окууларына карманганым үчүн соттолуп жатам.

Менин душмандарым жок. Азыр 67 жаштын тамагын ичип жатам. Ушул куракка келгенге чейин бир да жолу мага каршы эч кандай кылмыш иши козголгон эмес. Өзүм үчүн саясатка аралашпайм деп чечип алгам. Мен зордук-зомбулуктун бардык түрүнө каршымын. Сөз мененби, күч мененби же коркутуп-үркүтүппү, эч кимди кордобойм.

Кудайга баш ийгим келгендиктен бардык адамдарга, алар кайсы улуттан болбосун, кандай диний ишенимге карманбасын, коомдо кандай абал ээлебесин, баарын урматтап-сыйлайм.

Ошондой эле Кудайдын Сөзү бийликтегилерди урматтаганга чакырат. Римдиктер 13:1—3-аяттарда мындай деп жазылган: „Ар бир адам жогорку бийликтерге баш ийсин, анткени Кудайдан болбогон бийлик жок. Бийликтердин баары Кудай белгилеген орундарды ээлеп турат. Ошондуктан ким бийликке каршы чыкса, Кудай бекиткен тартипке каршы чыккан болот“.

Мен бийликтегилерге каршы чыккым келбейт. Анткени бул Кудайга каршы чыгууга тете болуп калмак. Ал эми андай иштин өлүмгө алып барары турган иш. Жахабанын Күбөлөрү жардам бербесе, чыныгы Кудайды жана анын Уулу Иса Машаякты таанып-биле алмак эмесмин. Алардын аркасы менен Ыйык Китептин өзгөчө китеп экенине көзүм жетти. Анын биздин жашообуздун ар бир тармагында пайдасы чоң».

Юрий бир тууганыбыздын бекем ишенимин көрүп биз да кубаттанып жатабыз. Нур жанган жүзүнөн Жахабанын анын жүрөгүн тынчтыкка бөлөп жатканын айкын көрүүгө болот (Ышая 26:3).

a Күнү өзгөрүшү мүмкүн.