Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Виктор Бачурин, Александр Костров жана Артур Нетреба

27-АПРЕЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

331 күн камак жайында отургандан кийин липецктик 3 ишенимдешибиз соттун чечимин күтүүдө

331 күн камак жайында отургандан кийин липецктик 3 ишенимдешибиз соттун чечимин күтүүдө

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Орусиянын соту доо арызды канааттандыруудан баш тартты

2022-жылы 20-январда Липецк облустук соту Виктор Бачуриндин, Александр Костровдун жана Артур Нетребанын доо арызын канааттандырган жок. Мурунку соттун чечими күчүнө кирди.

2021-жылдын 24-ноябрда Липецктеги Советский райондук соту Викторду, Александрды жана Артурду айыптуу деп таап, ар бирине 500 000 рубль (6 700 АКШ доллары) айып пул салды. Бирок алар буга чейин тергөө камак жайында бир канча убакыт отургандыктан, сот алардан 300 000 эле рубль (4 000 АКШ доллары) төлөөнү милденттендирди. Ал ишенимдештерибиз азырынча түрмөгө камалбайт.

Жеке маалымат

Виктор Бачурин

  • Туулган жылы: 1962 (Павловский Посад, Москва облусу)

  • Кыскача таржымалы: Үйлөнгөн. Эки баласы, бир небереси бар. 1990-жылдары изилдей баштап, 1992-жылы чөмүлгөн. Үй-бүлөсүндө жалгыз Жахабанын Күбөсү

Александр Костров

  • Туулган жылы: 1961 (Сортавала, Карелия Республикасы)

  • Кыскача таржымалы: Учкуч болуп иштеген. Кийин электр газ менен ширетүүчү, электрик болуп да иштеген. Жубайы Лариса экөө 1997-жылы баш кошуп, 2 балалуу болушкан. Александр азыркы учурда ардактуу эс алууда. Балык кармаганды жакшы көрөт. Ыйык Китептеги кеңештерди колдонгону жашоосун жакшыртарын түшүнүп, 2002-жылы чөмүлгөн

Артур Нетреба

  • Туулган жылы: 1978 (Глодяны, Молдова)

  • Кыскача таржымалы: Светлана менен 1995-жылы баш кошуп, бир кыздуу болушкан. Липецкке жумуш издеп көчүп келишкен. Артур сатуучу болуп иштейт. Ыйык Китептеги принциптерди колдонгону жашоосун маңызга толтурарына көзү жеткен. Анан 2000-жылы чөмүлгөн

Иштин чоо-жайы

2019-жылдын 2-декабрында өкмөттөгүлөр Липецкте жашаган Жахабанын Күбөлөрүнүн 7 үйүн тинтишкен. Анан Виктор Бачуринди, Александр Костровду жана Артур Нетребаны кармап кетишкен. Федералдык коопсуздук кызматы аларды жыйналыштарга барганы, Кудайга сыйынганы үчүн эле «Конститутцияга каршы оор кылмыш кылды» деген айып таккан. Ошондуктан ал үчөөнү тергөө камак жайына камап коюшкан. Алар ал жерде 331 күн отурушкан.

Александр бир тууганыбыз ал жакта отурганда Жахаба менен болгон мамилесинин кыйла бекемделгенин айткан. Ал: «Ушундай сыноолорго кабылганда, сага Жахабадан башка эч ким жардам бере албайт экен»,— деген.

Артур болсо мындай деген: «Мен туура маанай сактаганга жана кубанычымды жоготпогонго чечкиндүүмүн. Өзүмө: „Мунун баары убактылуу, Жахаба Атам эмоциялык жарааттарымдын барын айыктырат“,— деп эскертип турам. Кайсы жакта жүрбөйүн, ыйык Кудайыбыз Жахаба жөнүндө айтканга мүмкүнчүлүк болууда».

Виктор: «Ушундай өзгөчө учурда Жахаба мен үчүн эң жакын досум болуп берди. Анын мага жардам берип жатканын сезип жаттым».

Ошондой эле Виктор ишенимдештерине аябай ыраазы болгон. Анткени ал тергөө камак жайында жатканда, ишенимдештери, аялы Жахабанын Күбөсү эмес болсо да, ага жардам берип турушкан. Виктор: «Аялым жыйналыштагы эже-карындаштардын мамилесин көрүп аябай таасирлениптир. Үй-бүлөм Жахабанын Күбөлөрүнүн арасында чыныгы сүйүү өкүм сүрөрүн көрө алды деп ишенимдүү түрдө айта алам»,— деген.

Жахаба Орусиядагы жана башка өлкөлөрдөгү куугунтукталып жаткан ишенимдештерибизди сооротуп-жубата береринен шектенбейбиз (Ышая 51:12).