Мазмунун көрсөтүү

Александр Ившин

12-ФЕВРАЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

63 жаштагы Александр Ившин 7 жарым жылга кесилди

63 жаштагы Александр Ившин 7 жарым жылга кесилди

Өкүм

2021-жылдын 10-февралында Краснодар крайындагы Абинск райондук соту Александр Ившинди онлайн жолугушууларды уюштурганы жана Кудайды даңктаган ырларды ырдаганы үчүн айыптуу деп тапты. Ал 7 жарым жылга эркинен ажыратылды. Бул — 2017-жылы Жогорку сот ишибизге тыюу салгандан берки эң узак мөөнөт.

Жеке маалымат

Александр Ившин

  • Туулган жылы: 1957 (Катав-Ивановск)

  • Кыскача таржымалы: Ардактуу эс алууга чыкканга чейин токардык станокту башкарып, токой кыйып, өнөр жай коопсуздугу боюнча инженер болуп иштеген. Жубайы Галина экөө 1974-жылы баш кошушкан. Алардын эки кызы, сегиз небереси бар.

    Катуу ооруга чалдыгып калганда жашоонун маңызы тууралуу ойлоно баштаган. Үч Инжилди бир түндө окуп чыккандан кийин Ыйык Китепти изилдей баштаган. 1995-жылы болсо чөмүлгөн.

Иштин чоо-жайы

Абинсктеги Жахабанын Күбөлөрү 2015-жылдын башында юридикалык кыйынчылыктарга кабыла баштаган. Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү диний уюму «эктремист» деп караланып, жабылган. Ошондон беш жылдай өткөндөн кийин 2020-жылдын 23-апрелинде Александр Ившинге каршы кылмыш иши козголгон. Аны ар кандай «кылмыштар» боюнча айыпташкандан тышкары, видеоконференция аркылуу жолугушууларды өткөрдү, Падышалык ырларын ырдады деген айыптарды тагышкан.

Бийлик өкүлдөрү Александр менен Галинанын үйүн тинтишкенде, экөөнүн тең кан басымы көтөрүлүп кеткен. Ошондон бир нече ай өткөндөн кийин алар Александрдын машинесин тартып алышкан. Ушундай кыйынчылыктарга кабылса да, ал көңүлүн чөгөргөн эмес. Сот алдындагы акыркы сөзүндө Александр мындай деген: «Сот алдында ишенимимди коргоп жатканыма таң калган жокмун, анткени Иса ушундай болорун алдын ала айткан. Ал Матай 10:18де: „Мен үчүн силерди башкаруучулар менен падышалардын алдына сүйрөп барышат. Бул аларга жана башка элдерге күбөлөндүрүшүңөр үчүн болот“,— деген... Исанын бул сөздөрү мени кайгыртпайт. Тескерисинче, кубантат, анткени рухий муктаждыгын сезгендердин баарын күтүп турган жаркын келечек жөнүндө урматтуу соттун алдында айтып жатам».

Александр менен Галина Орусияда, деги эле бүт жер жүзү боюнча жакшы кабардын таратылышына салым кошуп жатышат. Жахабага таянганы үчүн ал аларга мол бата төгөт деп бекем ишенебиз (Жеремия 17:7).